Предыдущая публикация
Мөмөсү бактыңардын күбүлбөсүн.
Жашоодо бир бириңден көңүл калып,
Каалоорум жүрөгүңөр түңүлбөсүн.
Байкабай каласыңар күн өткөнүн,
Жашоону бактылуудай сүрөттөгүн.
Сезимге бөлөнгүлө түбөлүкө,
Ар убак бирге согуп жүрөктөрүң.
Түздөгүн оюңарды тунуктагын,
Бул дүйнө, кайтар дүйнө унутпагын.
Кайын журт капа кылчуу бир сөз айтса,
Калтыргын ошол жерде унут баарын.
Жашоонун четке какпай багыттоосун,
Жаркырап алдыңарда жарык толсун.
Бул тагдыр белектерин берген болсо,
Биринчи ал белеги бакыт болсун.
Көрө албастар ортоңордо жүгүрбөсүн,
Чалынып таманыңар сүрүлбөсүн.
Турмушта ачык болуп жолдоруңар,
Армандын көшөгөсү түрүлбөсүн.
Автор: К. У. АЗИЗ Тентек Жигит.
24. 04. 2018.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 35