Түшүнбөстөн турмуштун ак карасын,
Жылдыз болуп өзүңчө сен жанасың.
Кай бир маалда көктү карап керкейип,
Кээ бир жерде түлкү болуп каласың.
Эл көңүлүн өзүңө сен бурасың,
Күнөө артынан күнөөлөрдү кубасың.
Жооп берээр эртеңкиңди ойлонбой,
Күндө майрам, күндө сайран курасың,
Түркүн түстүү кызыктарга батасың,
Туура жолду түшүнбөй сен жатасың.
Тандап өзүң баратасың сен досум,
Турмуштун эч кечирилгиз катасын.
Бул өмүрдү ченем менен бергендир,
Өмүр чиркин бир аз күнгө келгендир.
Адашпасын туура жолдон пендем деп,
Жаратканым жүрөкө нур сепкендир.
Жакшылыктын баары келет колуңдан,
Ал андыктан адашпагын жолуңдан.
Адашсаң сен кыйналасың эх досум,
Кутула албай өзүң түшкөн торуңдан.
Автор: К. У. АЗИЗ тентек жигит.
27.01.2018.
08:12
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 20
Пенделерин тура жолду тандашсын.
Тарбиялык мааниси бар чыгарма