Предыдущая публикация
Курчаган аппак тоолор, аска муну,
Сөз жетпей сүрөттөөгө кашка сууну.
Жүрөгүм кичинекей болсо дагы,
Батырып кетип жатам Ат Башыны!
Арманым бар эле го ат башындай,
Терип кетем сезимге ар ташынды ай.
Кудундап күлкүм чыгып бара жатат,
Армандын аркасына мен жашынбай.
Курч көзүм мокоп калып көркөмүнө,
Бир үзүмүн уурдап кеттим чөнтөгүмө.
Ал үзүм, жүзүм болду ырга түшүп,
Канча жесем ошончо эрк берүүдө.
Көнүлдүн ээлеп алып төркү жагын,
Ат башыны кооздогон көркү агым.
Айткансыйт кен Ат Башы мени көздөп,
Саламат бол мен сагынам, сен да сагын!
Калем менен тарткандай зоо баштары,
Конок пейил, меймандос, тоо жаштары.
Насип этсе кучакташам кайра-кайра,
Аман болчу ага дейре оо Ат Башы!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 40
Улууга урмат,кичууго сый салтында
Булбул ырын салып сызат ыр менен
Куму дагы окшоп турат алтынга
Алтындай Ат-Башыга келип турунуздар.
албан-албан жана балбан Ийгилик каалайм!