2-болум.
Жанр - драма триллер.
Бул ойдон чыккан чыгарма.
Автор Kg Jigit.
Негедир жоо баскым келди. Экинчисин кутпой эле таза абадан жутуп уйго жоо бара жаттым....
Бир маалда артымдан келе жаткан "тык..тык..тык" деген аял кишинин шиштакасы угулду. Мага ун катырды - чон жигит саатты айтып коёсузбу? Артыма шарт бурула карасам татынакай супсулуу кыз туруптур. - макул айтайын деп саатымды карап жатсам артымдан дубр кубур эткен ун угулду. Бироолор мени коздой келе жаткансыды.Бурула караганча болбой башыма "далп" эте оор бир нерсе тийди. Козумдон от чачырап барып карангылашып эс учумду жоготуп жыгылыптырмын. Канча убакыт жатканымды билбеймин козумду ачсам кулдардын болмосундо ойгондум. Учак менен алып жоношконбу же унаа мененби иши кылып Орусияда экенмин. Жанымда кыргыз казак орус улутундагы адамдар бар экен. Алар дагы мага окшоп кармалып камалып кул болуп олтуруп калгандар экен. Башымдын сокку жеген жери канап чыгыптыр тигил жанымдагы туугандар жардам берип танып коюшту. Сыздатып оорутканына карабай мени дагы башка кулдарга кошуп дароо эле иштетип ишке салышты. Темир завод экен. Кереле кечке оор которуп жаныбызды таштап баш которбой иштедик. Арабызда 17 18 жашар жаш балдар дагы бар эле уйлоруно кеткилери келип ыйлашкандарын дароо ошол замат дукулдотуп сабашып мылтык такап коркутушуп иштетип жатышты. Ал мыкаачылар негр улутундагылар эмес болчу. Таптакыр башка улут эле. Ошентип Орусияда ал заводто 2-3 кун иштеп журдум. Андан кийин негрлер келишип берки мыкачылар менен суйлошушуп кулдардын жарымын учака салып алып кетип калышты. Ал учакта мен дагы бар элем. Ошентип бул чолго келип калдым. Башында орус турк башка аралаш улутундагы кулдар коп болчу. Атып олтуро беришип азыр тогузобуз эле калдык да. Менден башкасы бут негр кулдар. Эчкимисинин айткан создорун тушунбоймун. англис тилинде суйлошсо балким бир аз тушунор белем деген ой келет. Бирок ал тилге окшобойт. Таптакыр башка тил экен. Мыкачылар дагы ошол башка тилде суйлошот. Учакта келе жатканыбызда "биз кай жакка бара жатабыз" деп бири бирибизден сураштырганбыз билгени билбегенине айтышкан эле. Африка континентине кирип жатканыбызды. Болжол менен ошондо азыр мен Африка олколорундо журомун. Балким Алжир же Нигерия же Египетте болсом керек деп ойлонуп коём. Иши кылып кай жерде болсом дагы куну туну олбой аман калуумду Кудайдан тиленемин. Бир куну ушул балееден кутулуп озумдун мекениме кайтып келем деген негедир ичимде умутум бар. Ошол кичинекей умутум жашоо менен курошконго жардам берип жатпайбы. Бирок качан кантип ? деген суроолор мени жеп келет. Туш тараптын баарысы андып турган мылтыктар болсо. Бирок эн акыркы болуп умут олот деп коюшат экен го. Ошентип жакшы умут ойлорду ойлоп кыялданып озумду алаксытамын. Уйго кайтып келип ата энем келинчегим кызым менен кучакташып корушуп сагынычымды таркатып жатканымды элестете беремин. Кееде апам жазаган тамактын тузу азырак болуп калса бултундап жаш баладай болуп жебей койчу элем. Эми бул жакта ошондой тамактар тим эле коздон учат. Тузу жокпу барбы иши кылып ит жей турган бир жугундуну жеп журобуз да. Ал жугундуну дагы ченеп аз берет эчкимибиз эчкачан тоюп жеген жокпус. Кулдарга тамакты тандаттырып ким коюптур. Бергенин жейсин да. Ачкадан олкмок белен. Откондо бир кул негр жер касып атып жылан таап алдым деп мыкачыларга корсотпой ортого алып келген. Бирообуздун чонтогубуздон ширенке чыкты ошол жерден куйкалап бышырып жеп салдык. Эт жегендей болуп тоюп калдык. Азыр озумдун мекенимде болсом бироо жарым жыланды жейсинби акча берем десе жогол ары демек элем да. Курсагын ачканда баарын жейт экенсин олбостун кунун коруп. Жанымдагы кул негрлер бир нерсе мага айткылары келсе дароо эле таш менен кумга сурот тартып тушундурушот. Баарын тушунуп жибербесем дагы ойлорун тушуномун. Байкуштар жакшы адамдар мени негр эмес болок улут экен деп болбой дайым бир нерсе суйлошуп калганда мени дагы кошуп алышат сурот тартып суйлоп беришет. Тилин тушунбосон ошол экен да суротту тартып буткучо карап олтура берем эмнени айтып жатышат деп. Бироосу тушундуруп берди откондо. Мыкачылар айтышыптыр кулдарга "эгер кимде ким алтын тапса ошол уйуно кетет" дешиптир. Ошондон бери жан талашып ылдамырак иштей баштадык баарыбыз тен. Бирок эчкимибиз алтын таба алган жокпус. Мен келгенден бери деги бироо жарымдын алтын таптым дегенин укпадым. Касып эле жатабыз касып эле жатабыз эчнерсе жок. Кооз таштардан башкасын тапкан жокпус. Кееде кун элуу градустан ашып ысып кеткенде бир аз тыныгуу беришет. Башка кундору тыныгуу деген жок. Иштегенин иштеген. Ошондой бир тыныгууда кулдар тогузообуз суйлошуп олтуруп калдык. Мени тушунсун деп кумга сурот тартып суйлоп жатышты. Ал суротторду коруп дароо эле тушундум. Бири бирин сомойу менен корсотушуп эми сен тарт дегенсип тартып жатышты. Корсо ар бироосу канча бир тууган балдары ата энеси барбы канча бир тууганы канча баласы бар экенин тартып жатышыптыр да. Ата энесин уй булоолорун тартышып жуздоруно жылмайуу пайда болуп бир аз болсо дагы кубанып алышты. Аларды коруп мен озунчо кубандым. Анан ташты мага беришти сен тарт эми дегенсип. Мен ташты алып сары кумга апамды биринчи атамды анан келинчегимди кызымды тарттым. Кумга тарткан суроттон кимиси ким экени коп билинбейт эле. Баары тен тоголок болушуп кызым эле билинбесе боюн кичине кылып тарткам да. Торт сурот тартып ар бироосун бул апам бул атам бул кызым деп корсотуп тушундурдум. Апамды биринчи корсотуп колумду алдей кармап олтурган адам болуп бугуп тушундурдум. Атамды дагы ошенттим. Келинчегимдин болсо суротуно уйлону улпотко кийген узун балпыраган койнок кылып кошуп тарытп койдум. Ал эми кызымды бою кичинекей кылып тартсам даро эле баласы деп тушунушту. Ошентип мен дагы кумга сурот кылып чийип кимдерди тарткандарымды тушундурдум. Ал тарткан суротторубузду карап олтуруп бир маалда козубузго жаш алдык. Баарыбыз тен уйбулообузду абдан катуу сагындык. Бирок айла канча капаска камалган куштай эле болдук. Бир куну касып иштеп жатып курогум бир ташка тийгенсиди "кырт" дей тушту. Ылдый олтуруп курокту таштап колум менен чукулап карасам жалтылдаган нерсе корунду. Суйунуп кеттим. Дароо чукулуп алсам алтындай корунду. Башка кулдарга корсотпой акырын чонтокко салдым да каракчылардын чонуна алып барып бердим. Алар корушуп алтын экен дешти. Азаматсын дегенсип далыма чапкылап коюшту. Оюмдун баарысы алтынды эртерек бере салып уйумо кетиш эле. Уйго мекениме кетем деп абдан суйунуп журдум. Бир кун отту унчукпады эки кун отту унчукпады эчкимиси уйго барасын деп айтып коюшкан жок. Мен болсо убакыт откон сайын алардын " ким алтын тапса уйуно барат " деген созун жалган экен деп ойлой баштадым. Ойлогонум туура чыгып арадан бир жума отуп кетти. Уй жонундо деги бироосу ооз ачпады. Ошондо алтын тапсак дагы уйубузго жибербешине козум жетти. Мыкаачы деген алдамчы болушат тура ошон учун мыкачы экен да....
.......уландысы бар....
Урматтуу окурманым, уландысын убакыт болсо эле буйруса жаза берем. Сураныч шаштырбаныз чон рахмат ! Жаш калемгер Kg Jigit.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 15