"Жашоо учун куроштум"
2-болум.
Талгаттын ошол созуно мен да кошулуп озумду алаксыттым. - ооба Кылыч болду эми теманы жабалычы карышкыр эмес болсо керек деп койдум. Ошентип тортообуз тен унчукпай ойлуу олтуруп калдык. Бир маалда эртен менен доктур айткан созду эстедим. Жолго чыга электен эки уч кун мурун журогум айнып коп окшуп жургомун, анан бугун тан эрте турар замат доктурга барып корунгом. Ал мага суйунчутуу кабар айткан эле.
- Чон кыз суйунчу боюнузда бар экен эки ай болуптур деп. Мен угар замат козумо жаш алып кубанычым ичиме батпай суйундум. Андан кийин Кылычтар келип калышып жолго чыгып кеткен элек.
Ал бала Талгаттан болчу. Сыр кылып эчкимге айткан жокмун. Талгат экообуздун убагында жинди сууну ичип алып Кылычтын туулаган кунундо майрамдаганыбыздын кесепети ушул болуп чыкты. Ал тунду эстесем озумду жек коруп кетем. Эн жакын курбу кызымдын суйгон жигити менен кантип ошондой ишке бардым экен деп ичимен озумду куноолойм. Баары тен жинди суунун айынан болгон да Талгат озу мас болгону ас келгенсип мени да алдап солдоп мас кылып максатына жеткен болчу. Эртеси куну мага жалдырап ал тун жонундо эчкимге ооз ачпаганымды суранды. Озгочо Айпериге айтпашымды каалады. Айперини чындап суйоорун аны жоготуп алгандан коркоорун айтып жалынды. Ошентип ошол биз жашырган ыплас арам ишибиздин жыйынтыгы акыры барып ушу болду боюма бутуп калыптыр. Талгатты жакшы деле корбоймун бирок негедир Айперини опкулоп жалжактап олтурганы кыжырымды келтирет. Анан ошентип ичимди кармап балам бар, карышкыр келсе арам иш кылган мени жесе балким туура болоттур бирок байкуш балада не куноо деп баламды ойлоп коркуп баштадым. Кылыч мени жактырып журчу. Акыркы кундору свиданияга коп чакырчуу болгон. Экообуз жаны гана кыз жигиттей жоолугуп баштаганбыз. Бирок аны Талгаттарга айта элек болчук. Ошентип тортообуз тен терезеден унаа жолду карап олтурдук. Бир маалда Талгат..
- Э достор унаадан чыкпай олтура берсек бироо жарым отуп калса токтото албай калабыз да биз унаа жолдон элуу метр алыстыкта турабыз жургуло эки экиден болуп алмак салмак жолго чыгып турабыз деп Айперини колунан тартып сыртка чыгып кетишти. Экоо унаа жолдо турушту. Унаада Кылыч экообуз эле калдык.
Кылыч суйлонду
- Каяктагы унаа отмок эле саат уже он экиден ашып калса керек тун болуп
- Азыр карайынчы телефонду
- Карасан
- Меники очук экен заряды олтуруп калыптыр
- а анда озумдукун карайынчы тууй йолки меники да очуптур да тигил Кылыч менен Айперинин телефону куйук бекен карасан артта турат
- азыр ий, а жоок булардыкы дагы очуптур
- мына эми карангыга курчалдык
- Кылыч жанагы чын эле карышкыр беле алдынан откон
- итке окшош болчу даана кордум да чындап. Буларын ишенбей жатпайбы айтсам
- мен ишендим сага мен дагы чала коруп калдым экообуз алдыда олтурбадык беле
- ооба
- Кылыч коркуп жатам
- Коркпо баары жакшы болот унаадан чыкпай олтура беребиз карышкыр ошондо кол сала албайт анан жарык киргенде бироо жарым отуп калат болбосо жоо эле кетип калабыз деп менин колумдан кармап сооротмуш болду. Ал созун угуп биртике жаным тынчый тушту. Экообуз алаксып суйлошуп олтурсак Айперинин катуу чанырганы угулду. Кылыч экообуз терезеге кадала карасак Айпери менен Талгат далбастап бизди коздой чуркап келе жатышыптыр. Биз оордубуздан жылганча сызып учуп келишип унаанын ичине олтура калышып
- Жап! Жап ! бекиткиле эшиктерди болгула жап жап деп шашып пушуп Талгат унаанын эшиктерин бектип кирди. Тортообуз тен торт эшикти заматта бекитип баскычтарын бастык. Карасам Айпери онунон кеткен козунон жашы куюлуп кирди. Талгаттын козу болсо чыгып кетчуудой болуп аландап калыптыр. Ичкен жинди суулары бир жеринен чыгып сопсоо боло тушушуптур.
(Кылыч) - Эмне болду деги
( Айпери ) - ти..ти.ти..
( Кылыч) - ой эмне болду эмне ти..
( Айпери) - ти..ти.тиякта - тиши тишине тийбей титиреп суйлой албай калчылдап жатты.
( Кылыч) - эмне тиякта сен айтчы Талгат эмне болду
(Талгат) - дос сен туура айтыпсын бул жакта карышкыр бар экен деп коркуп аландап жарым унун чыгарып аран айтты.
( Кылыч) - туй атан, билгем да билдим мен карышкыр бар. Мен болсо унумду чыгарбай коркуп козумду жумуп калдым. Бир топто барып Айпери менен Талгат озулоруно келишип кенен дем алып киришти.
Бир маалда Кылыч баарыбызды тынчтандырып эчким олбой баарыбыз аман кала турганыбызды айтты.
- Достор болдугула чон дем алып озунорго келгиле коркпогула. Баары жакшы болот болгону унаадан чыкпайлы карышкырлар тийе албайт ошондо.
(Талгат) - Доске эгер коп карышкыр болсо унаандын терезеси туруштук бере алабы же сынып калабы
( Кылыч) - ооба терезе эчнерсе болбойт андан коро карышкырды айткылачы канчоону кордунор?
(Талгат) - бироону кордук. Айпери экообуз жолдо жон турбай обушуп турдук. Анан арт жактан ырылдаган унду угуп чочуп кетип карасак коздору кыпкызыл куйгон тиштери орсойгон ороктой узун капкара карышкыр бизди коздой жаай басып келатыптыр. Биз канча бир коз ирмем ордубузда катып туруп калдык да анан качып чуркап жонодук.
(Кылыч) - анан карышкыр артынардан кубалаган жокпу
( Талгат )- билбейм эч жакты карабай унааны коздоп чуркадык да.
( Кылыч ) - анда дагы келиши мумкун экен озубузду коргогондой колдорубузга бир нерсе алышыбыз керек деп унаанын эшигин ачты эле учообуз тен жалдырап ийдик - Кылыч жап эшикти азыр карышкыр келип калат деп. - Жок карышкыр корунбойт деп унаадан тушуп сыртка чыгып кетти. Учообуз тен Кылычтан козубузду албай тигилдик. Ал унаанын багажын ачып бир нерсе издеп жатты. Бир маалда жыгылып кетти да " Жардамгааа " деп кыйкырды. Карышкырлардын ырылдагандарын уктук. Талгат даро оордунан атып Кылыч олтурган жактагы эшикти шарт беките салды. Айпери экообуз коркконубуздан кыйкырып ыйлап жибердик. Торт беш карышкыр экен. Кылычты куурчактай тиштегилеп ары бери суйрошуп узуп жулкуп жей башташты. Аны коруп ого бетер чанырып кирдик. Талгат болсо - эй акырын чушшш..болду эй ... кыйкырбагыла унунорду очургуло жап оозунду деп Айперинин оозун алаканы менен басты.
Мен дагы оозумду басып коркуп ыйлап жатып калдым.
(Талгат) - ыйлаганынарды байкап калышса бизди да жеп коюшат дем албай тынч жатып калгыла башынарды ойдо которбогуло деп ого бетер коркутту. Кылыч эн жакын досу болсо дагы жардамга тушкон жок, ар кимибиз оз жаныбызды ойлодук. Ырылдап тиштегилеп жеп жаткандарын уккан сайын корконумдан жинди болуп кете жасдадым. Кулагымды колум менен катуу басып жаптым. Коз алдымда Кылычты узуп жулкуп жеп жаткандары элес болуп кетпей туруп алды. Карасам Айпери мени карап ыйлап титиреп жатыптыр. Мен дагы жаткан жеримден кыймылдабай аларды карап бири биризди тиктешип ыйлап коркуп жаттык. Бир маалда ырылдаган ундор басылды угулбай калды. Талгат жаткан оордунан жаай акырын башын которуп терезени карады. Биз болсо кыймылдабай жаткан жерибизде жаттык.
(Мен) - эмне болду Талгат кетиштиби деп шыбырадым
( Талгат ) -ооба кетишиптир жок эчтеке корунбойт Кылычты суйроп кетишкен го же жеп коюшту деди.
Биз Айпери экообуз акырын оордубуздан жылып келип терезеге тигиле карадык. Багаж жакты карасам Кылычтын бир бут кийими калыптыр. Унаабыз биз учун океандагы кайыктай болду. Тушсок эле чогуп кетишибизди билдик. Журогубуз тамагыбызга такалып калды. Ыйлай берип жашыбыз да токтоду. "Ушул карангы тундон аман эсен чыгабызбы" деген суроо туулду. Билген келмебизди айтып Кудайдан тиленип баштадык.
" Оо Жараткан Аллахым биздин куноо иштерибизди кечире кор, сен боорукер затсын ,жардам бер бизге сенден гана жардам кутобуз " деп ичимден тилендим. Карышкырлар Кылычты жеп тоюп келбей калгандай корунду.
( Талгат ) - кыздар силер чыкпай олтургула мен багажды карап Кылычтын издегенин таап алып келейин деди. Айпери болсо колунан тартып - Жоок жаным жалгызым чыкпа сыртка сени дагы жеп коюшат.
(Талгат) - ал жакта коргонууга курал жарак болушу мумкун. Коргонгонго колубузга бир нерсе табышыбыз керек болбосо абалыбыз кыйын болуп калат. Суйуктуум коркпо мен сени таштабайм кайра келем ишен мага мени карасан деп Айперини сооротту да унаадан тушту. Биз болсо терезеге тигиле карап айланага коз жугуртуп олтурдук.
- Карышкырларды коруп калсанар айткыла макулбу
- макул дедик.
Талгат багаждын ичине башын салып издеп жатты. - Э байкуш досум эмнени издедин эле кана кайсыл жагында болду экен. Баштыктарды бир бурчка коюп багаждын алдындагы запас донголок салган жерин ачып узун мергенчи мылтык таап чыкты октору менен. Дароо унаага олтуруп
- Кыздар мына бул мылтык менен коргонобуз
( Айпери ) - атканды билесинби уйротчу
( Мен) - мага дагы уйротчу
( Талгат ) - таак азыр койтургула бул жагын мындай кылат таак бул жагын бияка кылат деп мылтыкты октоду. Учообуз тен жашообузду мылтык чечип койчуудай ишенип олтуруп калдык. Каар болсо калындап жаай берди. Ай булутка жашынып алды. Бир маалда ышкырган муздак шамал башталып жаап жаткан каарды ары бери учуруп карагайларды термелтти. Кылычтын бут кийими шамалга томолонуп учту. Жашоо учун курош ошондо башталды
......уландысы бар......
"чыгарма"
автор Kg Jigit.
Болуп болуп жазганымдын себеби бул онорумду жаны баштап жатканым жана убакыттын тардыгы. Окурмандар сиздердин каалоо тилегинер мага коп куч дем берет рахмат!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 21