Кыргызстанга болгон авиа билеттердин баасын ким көзөмөлдөш керек? Өкмөт эшек такалап жүрөбү.? Билет баасы 12 саат учкан Москва - Нью-Йорктун баасына жетип калдыго. Февраль Март айларында гана 6000р болбосо, башка убакта 10000 рубльдан өйдө болот. Азыр жөн эле 20000 ди басып өтүп кетип жатат.
Мисалы: Шайлообек Курбаналиев досум Ош-Москва авиа билетин аялына эки жаш баласына 40 000 рубльга алыптыр. Бул эмне деген шумдук!!!!
Карапайым элди ойлогон бирөө жарым барбы? Эмне үчүн билет баасы кымбат? Эмнеге өкмөт көзөмөлдөбөйт? Кимдир бирөө чыгып Кыргызстанга авиа билет баасы ушундай себептерден улам кымбат деп жооп берет?
Ар бириңиздер ушул тема боюнча пост жазып, бөлүшүп койуңуздар. Биримдикте ушу теманы бийлике жеткирели.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 269