🔷️ Калкынын саны: 650 миңден 1 миллионго чейин.
🔷️ Борбору: Метро Добрынинская, ул Большая Ордынка 64. Экинчи борбор шаары Кузминьки метросу.
🔷️ Тили: Кыргыз, Орус, анан орусча-кыргызча аралаш.
🔷️ Дини ислам. Бир гана Москвадагы Кыргыздар 6000 орундуу залды толтуруп, диний иш чара өткөрүшөт.
🔷️ Балдары кыргызча, ата энелери орусча жакшы билбейт.
🔷️ Кадимки Кыргызстандагыдай Бешик той, сүннөт той, тушоө кесүү той, үйлөнүү той, кыз узатуу той өткөрүшөт.
🔷️ Биринчи келгенде баары эле бир жыл эле иштеп келем деп келишкен.
🔷️ Көчөдө кыйналган Кыргызды көрсө сөзсүз барып сүйлөшүшөт.
🔷️ Полицияны тага дешет.
🔷️ Квартирадагы дежурствону туулган күн деп атап алышкан.
🔷️ Бир гана Москванын Кыргыздар тааныбаган мекендеши менен бир квартирада ынтымак болуп жашай беришет.
🔷️ Метрого түшүп жатам дегени үйдөн эми чыкканын түшүндүрөт.
🔷️ Үйдөн эмес, көчөдөн тамак жегенди сүйүшөт. Ошондуктан Өзбек тажиктердин чайханаларынын кардарлары болушат.
🔷️ КФСини да жакшы көрүшөт Кыргыздардын Федералдык Столовойу деп чечмелесе да болот.
🔷️ Жер тыңшар маамыт болушат. Көпчүлүк учурда Кыргызстандагылар, жаңылыктарды Москвадагылардан угушат.
🔷️ Кыргыздар өздөрү ачкан медцентрлери аябай көп. Ал жерде гинекологтор менен тиш докторлор хит.
🔷️ Өздөрү ачкан спорт клубтары жүздөн ашат. Ошол жерде машыгып чемпион болгондор да аябай көп. Ошолордун арасында эки күн залга барып черный болуп алган чимкириктер да жок эмес.
🔷️ Бир гана Москванын Кыргыздары өздөрү квартира снимать этип, хозяин боло алышат.
🔷️ Эң жаман көргөн күнү квартплата төлөгөн күн.
Кыргызстандагы ютубер блогерлердин да просмотрун көбөйткөндөр ушулар.
🔷️ Москва шаарындагы такси кызматын дээрлик көпчүлүгүн ээлеп алышкан. Бир кыргыз такси чакырса Кыргыз таксист келет.
🔷️ Бир жумушта бир Кыргыз иштесе жылдар өтүп ошол жердин жарымы Кыргыз болушат.
🔷️ Кайрымдуулукту көп кылышат, ошондуктан кайрымдуулука ардайым Орусия бир банкынын эсебин кошо ачышат.
🔷️ Күн ысып баштаганда Москвадагы шашлык бышыра турган жерлердин 50% ын ээлешет.
🔷️ Айылдаштар өздөрүнчө топ болуп биригип бирин-бири колдоп, Кыргызстандагы айылдарына салым кошуп турушат.
🔷️Москвадан Кыргызстанга керектүү буюмдарды көп жөнөтүшөт. Жүк жөнөтөм десеңиздер мага жаза бериңиздер. +79264568286 +7 977 396-02-63 ватсап Атым Зулпидин (Максым Баткенский)
Кошумча болсо пикирге жазып койуңуз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2