Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Жакынкы күндөн бери жеген тамагыбыз жарытылуу эмес, келинчегим ооруп калды
Колунда бар, өмүрүнүн акырына чейин жете турчу оокаттуу киши сооп иш жасоого бел байлап, акчалай садака берүүнү чечет. Көпкө ойлонуп, бул садаканы кандай адамга берүү керектигине башы жетпей, акыры атасынан кеңеш алууну туура көрөт. Орто жаштан эчак ооп калган, акылы салмактуу атасы бар эле.
— Ата, мен сооп иш кылсамбы деп көптөн бери ойлонуп жүрөм. Ал садаканы акчалай берүүнү чечтим. Бирок, кандай адамга берсем деп ойлонуп жатам. Мага кеңешиңиз керек.
— Уулум, сенден ушул кадамдарды күтүп жүрдүм эле. Эл көзүнө алынып, абдан байыдың. Тапканың арам эмес, шүгүр, баары адал. Каш-кабактын ортосундагы кырсыктан, төшөккө ж