Бүгүн, 31-октябрда, КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Баткен-Раззаков жолунун Ноокат жаңыланган бөлүгүнүн ачылыш аземине катышты. Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана жол транспорт министри да катышты.
Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып:
"Биз бул жолду жана 3 көпүрөнү июль айынын аягында келип, 3 ай аралыгында бүтүрүү жана октябрь айынын акырында ачуу тапшырмасын бергенбиз. Баарыңыздар күбө болуп тургандай, биз сөзүбүздө турдук жана айтканыбызды аткардык. Бул үчүн тийиштүү тараптаррга ыраазычылык билдирем. Өлкө башчыбыз Садыр Жапаров бизге дайыма, колуңардан келсе, элге сөз бергиле, убада бергиле жана так аткаргыла, колуңардан келбесе сүйлөбөгүлө деп эскертет. Мен азыр жеринде дагы 2 тапшырма бердим - биринчиси, келээрки жылдын июнь айына чейин Ноокаттын Абшыр-Сай көпүрөсүнөн тартып, Кызыл-Кыяга чейин асфальттоо, экинчиси - Оштун Жапалак айылынан баштап, Ноокат районунун башталышына чейинки аралыка жаңыдан асфальт төшөө иштерин бүтүрүү. Буюрса, келээрки жылы июнь айында жолдун ушул эки бөлүгүн дагы ачабыз. Элибизге ыңгайлуу шарт тузүүгө милдеттүүбүз..." - деди.
Ошондой эле бир катар саясий жана социалдык маанилүү маселелер боюнча билдирүү жасады.
Жергиликтүүлөр ыраазчылыгын билдирип, өлкө жетекчилигине ак батасын берип, дээрлик 70 жылдан бери оңдоп-тузөөдөн өтпөй, элди кыйынчылыка салып келген жолдун жаңыланышына ыраазы экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айында Ноокат аймагында сел жүрүп, Чили-Сай, Абшыр-Сай көпүрөлөрүнүн жараксыз абалга келгендигине байланыштуу бир топ үйлөрдү сел каптаган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Камчыбек Ташиев жерине келип, абал менен таанышып, 3 көпүрөнү жана жолдорду кеңейтип, жаңыдан асфальт төшөө иштерин октябрь айынын акырына чейин бүтүрүүнү тийиштүү кызматтарга милдеттендирген.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 10