Бул макаланы окуп жатсаңыз "цистит деген эмне" атуу суроого жооп издеп келгендирсиз? бул суроого жооп берүүгө аракет кылалы. Цистит кандай оору? Цистит бул табарсык былжыр челинин сезгенүүсү. Мында өзүнүн чындыгы бар. Дал ушул жазында адамдар жеңил кийинишип, суук тийип, оорунун симптомдору пайда болот. Бирок негизинен цистит менен каалаган мезгилде ооруп калуу мүмкүн. Көп учурда аялдар оорушат. Аял затынын денесинин анатомиясы башкачараак болуп, ооруларга көбүрөөк кабылат. Аялдардын зара чыгаруу каналынын узундугу 4см болуп, жанында эле бактериялык резервуарлар жайгашкан - жатын жана жоон ичеги. Цистит эмнеден пайда болот? Циститтин козгогучу - бактериялар, тагыраак айтканда ичеги таякчалары (кишечные палочки), стафилококк жана башкалар. Шартка ылайык ичеги таякчаларына 90% цистит келет. Түздөн-түз табарсыктын былжыр чели микроорганизмдердин таасирине туруктуу келет, ошондуктан табарсыкка оору алып келүүчү бактериялардын кирип кетиши оорунун өрчүүсүнө жетишсиз. Оорунун башталышынын себеби жатындын микрофлорасынын бузулушу, ошондой эле кичине жамбаштын кан менен камсыз кылуусунун бузулушунда, анын ичинде табарсык стенкасы. Мунун себеби вирустук инфекциялар, организмдин резистенттигинин төмөндөшү, витаминдердин жетишсиздиги, чарчоо, даарыларды көп ичүү жана операциянын себептери да булушу мүмкүн.
Циститтин белгилери
Цистит оорусун башка оорулар менен алмаштырып алуу оор, анткени ал мүнөздүү симптомдорго ээ. Алардын ичинде - тез-тез зара ушатуу жана ушатуу учурунда ооруксунуу. Аны менен бирге заранын өңү бозомтук тартып калат. Зара кылгандан кийин дагы бир нече убакыт ооруй берет. Катарда температуранын субфебрилдик көтөрүлүүсү байкалат (узак убакытка дейре температура көтөрүңкү болуп), бул пиелонефритке дагы мүнөздүү. Сезгенүү зара чыгаруунун өйдөңкү жана ылдыйкы каналдарында болот. Табарсыктан өйдө жайгашкандын баарысы өйдөңкү каналдар. Температуранын болуусу, белдин ооруусу өйдөңкү каналдардын сезгенүүсү жөнүндө кабар берет. Башкача айтканда пиелонефрит. Пиелонефритти уретрит же цистит менен алмаштыруу болбойт, анткени бул зара чыгаруучу каналдын сезгенүүсү эмес.
АЛОЭ ГУЛУНУН НЕГИЗИНДЕ ЖАСАЛГАН НАТУРАЛДУУ ПРОДУКЦИЯЛАР ЦИСТИТКЕ ЭН СОНУН ЖАРДАМ БЕРЕТ.
Кенири маалымат учун +996(702)995950
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев