Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир жолу улуу сахабалардын бири Умар менен келе жатып анын колунан кыса кармайт. Пайгамбардын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бул мамилесине ичи жылып аябай кубанып кеткен Умар: - «Оо, Алланын элчиси! Мен сени үй бүлөөмдөн да артык жакшы көрөм» - дейт. Ошондо Пайгамбарыбыз: (Ага Алланын салам-салаваты болсун) - «Оо, Умар, сен мени жаныңдан да артык жакшы көрө аласыңбы?» - деп сурайт. Умар (Алла андан ыраазы болсун) бир аз ойлонуп: - «Жок, оо Алланын элчиси, жанымдан артык сүйө албаймын» - дейт. Умар (Алла андан ыраазы болсун) бүгүнкү адамдар сыяктуу жалган сүйлөй албайт эле. Ал чындыкты гана сүйлөйт эле. А биз болсо Пайгамбарды (Ага Алланын салам-салаваты болсун) сүйөбүз деп тилибиз менен айтып, бирок анын жолу менен жүрбөйбүз. Умардын жообун уккандан кийин Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) :- « Эгер сен мени өз жаныңдан артык сүйө албасаң сен толук мусулман боло албайсың» - дейт. Умар, (Алла андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздан (Ага Алланын салам-салаваты болсун) ажырап бир аз ойлонот да, кайра келип:- « Аллага ант ичем, мен сени жанымдан да артык жакшы көрөм» - деп айтат. Ошондо жанында турган баласы Абдулла: - « Атаке, мен сага таң калып турам, азыр эле Пайгамбарды (Ага Алланын салам-салаваты болсун) жанымдан артык сүйө албаймын дедиң эле. Эми жанымдан да артык сүйөм деп жатасың, мунун себеби эмне» - деп сурады. Умар баласына карап: - « Ээ балам, ойлонуп көрсөм, эгер Пайгамбар (Ага Алланын салам-салаваты болсун) келип бизге динди жеткирбесе, ичип-жеп, каалоо кумарын кандырып жүргөн айбандар сыяктуу жашай бермекмин. Канкор, мыкаачы Умар боюнча өтүп кетмекмин. Пайгамбар (Ага Алланын салам-салаваты болсун) келип, мени айбанчылык жашоодон адамча жашоого алып чыкты. Анан да, эгер Пайгамбар келбесе, анын артынан баргандарга гана ачылуучу бейиш эшигине жакын да бара алмак эмесмин. Эң негизгиси эртең Алланын алдына барганда өз жаныма караганда Пайгамбарга (Ага Алланын салам-салаваты болсун) көбүрөөк муктаж болот экенмин. Ушуларды ойлоп туруп Пайгамбарды (Ага Алланын салам-салаваты болсун) жанымдан да артык сүйүү керек экенин билдим» - деп жооп берет.
Бир жолу Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) мечитке келсе, Савбаан аттуу сахаба ыйлап олтурат. - «Эмне ыйлап олтурасың, оо, Савбаан» - деп сурайт Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун). - Кечке чейин сени көрө албай аябай сагындым – деп жооп берет. - «Ошого эле ушинтип ыйласыңбы» - дейт таң калган Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун). - Жок. Оо, Алланын элчиси, сенин бейиште даражаң өтө бийик болот, акыретте биз сенден ажырап калабыз, мен ошону ойлоп ыйлап жатам – дейт. Ошондо Пайгамбарыбыз: (Ага Алланын салам-салаваты болсун) - «Адам кимди жакшы көрсө ошону менен бирге болот» - дейт. Демек урматтуу мусулман бир тууганым, Пайгамбарды (Ага Алланын салам-салаваты болсун) сүйсөң аны менен бирге болосуң.
Урматтуу мусулман бир тууганым! Пайгамбарыбызды (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир гана адамдар эле эмес, башка жаратылган нерселер да жакшы көрүшөт эле. Көптөгөн сахабалар күбө болгон төмөнкү окуяга көңүл бур. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) адамдарга бир курма дарагынын бутагына чыгып кутба айтчу эле. Кийинчерээк сахабалар Пайгамбарыбызга (Ага Алланын салам-салаваты болсун) минбар жасап беришет. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) ал минбарга чыгып кутба айта баштаганда, курманын бутагы үн чыгарып ыйлай баштайт. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) минбардан түшүп, бутакка акырын колун тийгизип: - «Эй, менин бутагым, сен бул жерден жок болосуң бирок бейиште менин жанымда турасың» - дегенде, бутак ыйын токтотуп жым болуп калат. Адам эмес, жансыз курманын бутагы Пайгамбарды (Ага Алланын салам-салаваты болсун) сүйүп, андан ажырагысы келбей ыйлап жатса, биз Пайгамбардын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) үммөттөрү аны канчалык деңгээлде сүйүп, канчалык деңгээлде сүннөттөрүн аткарып жатабыз?
Урматтуу мусулан бир тууганым! Алла Таала хадисул-кудусийде: - «Өзүмдүн улуулугума ант ичип айтамын. Эй Мухаммад, адамдар кайсы жол менен келбесин, бейиштин кайсы эшигин тыкылдатпасын, сенин атыңды атап, сенин жолуң менен келбесе бейиш эшиктерин ачпаймын» - деп айткан. Алла Таала ар бирибизди Пайгамбарды сүйө турган пенделерден кылып, анын жолу менен жүрүүнү насип кылсын. Аллахым күнөөлөрүбүздү кечирип, ыймандуу адамдар менен бирге кылгын. Кыямат күнүндө Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) шапаатын насип кылгын. Ассаламу алайкум ва рохматуллоохи уа барокаатуху.
Абдышүкүр ажы Нарматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев