жүрөгүндө жалын бар дегенге дагы бир далил.
2014-жылы
Ысык-Көлдө болуп өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүткүл дүйнө жүзүнө жаңылык
болду. Оюндардын жыйынтыкталганынан бери 2 жыл өтсө да, элдин арасында бул саамалык тууралуу
дале сөз токтой элек. Көчмөн калктардын каада-салттары, маданияты жана оюндары
чагылдырылган иш-чара биздин эле эмес, чет өлкөлүктөрдүн да кызыгуусун жарата
алган. Анын катарында жалындап күйүп ат чаап бара жаткан чабандестин сүрөттөрү
дүйнө жүзүндөгү ири басылмаларда «күндүн фотосу» аталган. Бизде
эле эмес, бүтүндөй дүйнө, интернет баракчаларында кызуу талкуу жараткан «отко
күйгөн чабандес» аткаруусун Асан Казакбаев, Медер Закиров, Эрлан Курманбек уулу
жана Кубан Таалайбек уулу аттуу 4 каскадёр ойдогудай аткарышкан. Бүйүр кызыткан
окуялар менен коштолгон Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары, Кыргызстанда
3-8-сентябрларда 2-жолу өткөрүлмөкчү.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 7