Бизче которгондо “кысуу, муунтуу” деген түшүнүктү берет. Аталган ооруга көбүнчө 30 жашка чейинкилер чалдыгат. Оору жазында, күзүндө жана кышында күч алат.
Ооруну стрептококк бактериялары козгойт
Ангина сасык тумоо сымал эле жугуштуу оору. Ооруну стрептококк бактериялары козгойт. Аталган бактерияларды кир идиш-аяктар жана жуулбаган жемиштерди колдонгондо, ангинага чалдыккан адам менен байланышканда жуктуруп алууга болот. Кир аба менен дем алуу, күн суукта катуу үшүү ооруну күчөтүп жиберет.
Бактерия соо адамга оорулуунун жөтөлү, чүчкүрүгү, колдонгон сүлгүсү, идиши аркылуу жугат. Ошондой эле өбүшүү, кол менен учурашуудан да жугары маалым.
Бүт организмди жабыркатат
Ооз көңдөйүндө алкым бездери (миндалиналар) жайгашкан. Алар коргоочу кызматты аткарышат. Кабыл алган тамак-аш жана дем алган аба аркылуу организмге микробдордун кирип кетпөөсүн көзөмөлдөйт. Эгер ал бездер болбосо, организмибизге түркүн бактериялар түз эле өтүп кетмек. Алкым бездери кан жана зат алмашуу процессине да катышат. Андыктан тамак ооруганда батыраак айыгууга шашылуу кажет. Болбосо, сезгенген жердеги ириңдер канга өтүп, организмди ууландырат.
Оору тереңдеп кетсе...
Оору тереңдеп кетсе (тонзиллит), башкача айтканда, жылына 3-4 жолу кармаса, анда ангина жүрөктүн жана муундардын оорусуна, бөйрөктүн пиелонефрит оорусуна, аллергиялык оорулардын курчуп кетишине, өпкөнүн сезгенүүсүнө жеткирет. Буга кошо кулак да сезгенип, угуунун начарлайт.Ангина 3 түргө бөлүнөт:
Катаралдык ангина. Мында сезгенүүгө алкым бездеринин үстүңкү бөлүгү гана учурайт.
Фолликулярдык ангина. Сезгенүүгө алкым бездери бүтүн учурайт.
Грибоктук ангина
Иммунитет төмөндөп кеткенде майда козу карын сымал организмдер ангинаны козгойт.
Ангинаны алоэ гулунун негизинде жасалган натуралдуу продукциялар менен айыктырууга эн сонун жардам берет . Алоэ гулунун негизинде жасалган натуралдуу продукциялар иммунитет жана гемоглобиндида эн сонун которуп , кайрадан организди калыбына келтирет .
Кенири маалымат алгыныз келсе Ватсап :
+79295785766
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев