Классташтар кымбатсынар баарынар
Силерге арнап тамаша ыр жазгым бар
Кытыгылап катту тийсе создорум
Кечирип кой ойноп жазган сөздөрдү
Баягыдай Балалыкты элестеп
Күткөн элем жаш кыздарды келет деп
Күтүп эле отурамын ойлонуп
Айланама бүт эжелер топтолуп
Эки жакты карап коём элендеп
Эки эже дагы келди, небересин жетелеп
Бир топ куттум кыпча белдуу кыздарды
Улам карап өткөн сулуу кыздарды
Бир убакта топтолушту чалдары
Карап коём, бул аталар кайдагы
Жыйналышып шаан шокотту салышты
Каткырганы, кулгондору таанышбы
Жакын барып карап көрсөм аларды
Балдар, кыздар Жыйналышып баягы
Эчак эле башташыптыр баянды
Көрсө мен да бала эмесмин атамын
Көрсө жүрөк каарыбаган жаш туура
Кыялымда Балалыкты камтыгам
Жаш чагыбыз эске түшүп каткырып
Ойноп күлүп биз жашарып отурдук
30жылда озгорупбуз баарыбыз
Кара чачты аппак бубак аралап
Кыздарыбыз, балдарыбыз чоңоюп
Биз Чоң-Ата, чон-энебиз зороюп
Кечиргиле болсо эгер катасы
Жалган чынды кошуп койдум баягы
Капа болбой кабыл алчы Классташ
Калп да болсо бир жарк этип көңүл ач!!!
МАРЗИЯ АЙТИЕВНА....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 19