Предыдущая публикация
Болгум келбейт азыркы башчылардан,
Элин алдап жалганды айтчуулардан.
Жакшы сүйлөп бийликке келип алып,
Миң жыл жаткан мөңгүнү сатчулардан.
Калкым сүйгөн боломун кызматкери,
Кыргызымдын оңолот келечеги,
Мекенимдин эртеңин ойлобогон,
Кыйындарды жоготом бийликтеги.
Кайтып алам сатылган жерлеримди,
Байлыгымды,уурдалган кендеримди.
Актык менен жаратып калыстыкты,
Өнүктүрөм көрөсүң мекенимди.
Бийик тутуп кып кызыл желегимди,
Даңазалайм кан кыргыз экенимди.
Кытайларды жеримден кууп чыгып,
Карап тургун гүлдөтөм мекенимди.
Автор:
Алтынай Сүйүндүкова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев