Бир күн келип жолуксак сиз экөөбүз,
Көздөрүбүз жаштарын төксө керек.
Баркыбызды жоготуп билүү үчүн,
Бактыбызды башкага бөлсө керек.
Бир күн келип жолуксак сиз экөөбүз,
Үн катпастан тиктешип турсак керек.
Башты ийип тагдырдын мыйзамына,
Башка-башка үй-бүлө курсак керек.
Бир күн келип жолуксак сиз экөөбүз,
Жүрөгүбүз арманын айтса керек.
Бизди бөлгөн тагдыр да бул жолдорго,
Жаңылышып байкабай барса керек.
Бир күн келип жолуксак сиз экөөбүз,
Көңүлдөрдө капалык турса керек.
Көңүлдөгү капаны бир мүнөттө,
Көөдөндөгү сагыныч жууса керек.
Бир күн келип жолуксак сиз экөөбүз,
Баарын баштан эскерип алсак керек.
Өмүрүбүз башкага арнап алып,
Өкүнүчтөн өртөнүп жансак керек.
АЛТЫНАЙ СҮЙҮНДҮКОВА
16.04.2019
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 6