Ырларыма далай нерсе батырдым,
Ырлар менен сүйүүгө да баш урдум.
Ал сүйүүнүн жаман жагын көрсөм да,
Сүйгөн үчүн кечирдим да жашырдым.
Ооба сүйөм сүйгөндүгүм анык, чын,
Көп адамдар жамандады айтып сын.
Кулак салып ушак кепти укпастан,
Кете бердим изин кууп бакыттын.
Мына ушундай биздин сүйүү топтому,
Баракталды бакытыбыз "ОШТОГУ"
Биз экөөбүз эгиз жүрөк болгон соң,
Күндөрүбүз ырлар менен коштолуу.
Ааламыбыз аруу дүйнө болгон соң,
Айланабыз ырлар менен коштолуу.
Бегимай Акматова
27.07.2019
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 17
Жашоо үчүн бары жокту үймөлөйбүз.
Ким бирөөгө бир тыйындык болбосокда.
Бирөөлөргө бир чоң бүтүн дүйнөдөйбүз.
Сенден башка суйоорумо каарманым жок.
Жалгыз калган журогумду муздатпачы.
Ансыз деле айтылбаган арманым коп.
Жигитсиз жүргөн үчүн көңүлүм ток.
Калп эле жалган сүйүү келе берсе,
Аянбай удар менен маңдайга сок .