Күн сайын жол каратат күтүү мени,
Күч-кубат болуп мага сүйүү деми.
А бирок тагдыр башка болуп кетти,
Аргабыз жалгыз үмүт үзүү эми.
Күбө да, айрылууга Оштун кечи,
Кайгырба, капаланба жүрөк ээси.
Бейтааныш адамдардан эмес бирок,
Дос болуп ыр дүйнөдө жүрөм дечи.
Белгисиз бул абалдын жакшыраары,
Адашып көп үмүттөр, калды баары.
Сен мени, а мен сени эстебегөө,
Унутуу керек болот Ак-Буураны.
Жабыркап турган менен жан дүйнөбүз,
Унутуу керек сөзсүз Ак-Буураны .
БЕГИМАЙ АКМАТОВА
25.07.2019
21:30
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 18