Кызым, балам силер эс тартып бул катты окуганда эчак жашоодо өз ордунарды таап, бала чакалуу болуп калат чыгарасынар. Ага чейин бул жакта болуп турсун.
Ай чырайлуу тун кызым, сен бул жарык дүйнөгө келгенде мен аябай жаш элем. Ошол себептен, эне болуу сезими шумдук нерседей деле сезилген эмес. Качан сени колума алып, эне сүтүн бергенде гана бул убакка чейин болуп көрбөгөндөй бакытты туйдум. Ошондо гана бул дүйнөдө чексиз бакыт, сүйүү, мээрим бар экенине ынандым кызым. Кичинекей, жүрөк элжиреткен өз канымдан жаралган баланы койнума салганда, сени көз албай тиктеп, аалам кооздогон жалгыз сен болосуң деп, аста баш айланткан жытына мас боло жыттап алгам. Көзүңдү ачып, менин апам сенби?-деген бакырайган, капкара, узун кирпиктүү, суроолуу көздөрүң жүрөгүмдү дароо багынткан. Өзүм сыяктуу кежир кыялын дагы бар экен, күндүз уктап, түндөсү болсо коюп берген концертин мага кымындай да оор сезилген жок. Коляскага такыр жатпаган адатын, баладай бешикте жатпай, атайы арнап алган керебетке чонойгончо бир дагы жатпай, жалаң гана менин колумда, койнумда остун. Эч кимге моюн бербеген апаң сенин сулуулугуна, эркелигине багынып жашап келет. Төрөлгөндө койнума кирип, көкүрөк жыттап уктаган адатын күйөөгө чыкканда гана калса керек. Азыр деле койнума кирмейин уктай албаган адатын бар. Сага айтаарым кызым, жашоодо көп сыноолор күтүп турат. Сен эч качан көрбөгөн, ойлобогон, жүрөгү жарты адамдар бар. Мен сага өзүмдө болгон сүйүүнүн баарын арнайм, менден алган сүйүүнү ар дайым жамынып, чеп кылып коргонуп, көңүлүң түшкөн кезде кайрат кылып ал. Дайым айтып келгендей эң башкысы, жакшы адам бол. Калптан, эки жуздуулуктон, ыймансыздыктан, жалкоолуктан алыс бол. Сүйүп жаша. Жараткан берген тагдырды, жашоону чын жүрөк менен кабыл алып, сүйүүдө балкып жаша. Кудай буюрса, атаң, иниң үчөөбүз ар дайым сенин жанындабыз. Эч качан, кызым эч качан биздин сага болгон сүйүүдөн күмөн санаба. Мен сени акыркы демим тугонгучо колдойм. Садагам, сен сүйүүдөн жаралган аруу жансың. Тун кызыбыз, эки тараптын тун небереси болосуң. Сезесиңби сага төгүлгөн мээрим канчалык деңгээлде бийик, ошол мээримди жанындагы адамдарга төгүп, жүрөктөргө бакыт тартуула. Сен өзгөчө жансың, менин жалгызымсың. Бизди ата-эне кылып тандап алганына рахмат. Бул катты сага, сен бейкапар балалыкта жүргөнүндө жаздым. Бул катта сага деген түбөлүк түгөнгүс сүйүү бар. Өзүңдү сыйла, кандай учур болбосун эң негизгиси өзүңдү сыйла. Жакшы кийим кий, эң жакшы тамактан, эң жакшы үйдө жаша, токтобой билим ал. Чынчыл, адал жашоодо жаша. Ошондо гана жашооң ширин, берекелүү болот. Бактылуу бол, эч нерсеге карабай бактылуу бол. Эч кимге ишенбе, сени басынтууга аракет жасагандар болот. Ошол кезде өзүңө болгон ишенимди жоготпо, өйдөдө айтып кеткендей сен өзгөчө жансың. Сынып калба, сенде жада калса менде жок аракет бар. Ошол аракетти туура багытта колдон, дүйнө жүзүн кыдыр, саякатта, тил уйрон. Башкаларга эч качан зыян келтирбе, колуңдан келсе жардам бер. Берешен, ошол эле учурда өзүңө тың бол. Биз сени жакшы көрөбүз.
Балам.
Билесинби, бала кезден баштап ар дайым мен байкем болсо экен деп кыялданчумун. Анткени мени бирөө коргоп туруусун каалагам. Кийин болсо өзүм биринчи ирет эне болгондо, эжекенди эркек болсо болмок дегем. Мага окшоп байкем жок деп оксубосо дегем балам. Сен жашоого келгенде "Эркек"-экен деп элеп желеп болуп, ооруну дагы унутуп калдым. Торотканадагы тороткон эже;-МАНАС төрөлдү!-деп баарына айтып чыккан. Эмнеге өзгөчө көңүл бурганын деле түшүнгөн эмесмин. Кийин айтты, колуңда Кыргызстандын картасы даана чыйылган кал бар экенин. Дароо карта таап, ар бир миллиметрге чейин текшерип чыгып, аябай таң калдым. Балам ошондо мага кудай бир эле мага, эжекене эмес Кыргыз элине коргоочу, колдоочу жибергенин түшүндүм. Сени койнума салганда, ичке, так эле атаңдын көзүндөй көздөрүңдү дароо ачтың. Балам көз карашың курч, сүрдүү экен. Төрөлгөндө эле чымыр денелүү болдуң, кармаган нерсенде кой бербей, алаканынды ачууга күчүм жетчү эмес. Аймалап эмгенде, башка балдардай эптей албай кыйналган жоксуң. Сен балким кээде мага таарынат чыгаарсын, сени көп эркелетпегенимдин себеби бар. Эркелетип, көңүлундү карап өзүндөгү айбаатты, сүрдү, курч кыялынды жоготуп аламбы деп корком. Ар дайым өзүң аракет кылып, көп жаңы нерселерди өзүң эле үйрөнүп алганың жагат. Кээде кылган катачылыктарынды дагы байкамаксан болом. Анткени мен аны сени өзүң үчүн жаңы бир нерсени ачуу аракети катары эсептейм. Балам кичинекей болсоң дагы, мен сени аска зоо катары сезинем. Сага ишенем. Ишенсең өзүмдөн сага көбүрөөк ишенем. Азыр билбей жатам, сендеги эч нерседен, эч кимден коркпогон кыялың жакшыбы же жаман экенин. Бирок кандай болбосун чоң адамдай ой жүгүртүп, мага өзгөчө жакшы мамилең сага болгон ишеничти күндөн күнгө арттырып жатат. Эл эмне десе дей берсин, бирок мен сага ишенем балам. Жүрөгүмдү бүтүндөй ээлеп алгансың. Мен сага күч, кайрат каалайын десем ал сапаттар сени менен кошо төрөлгөн. Акыл тилейин десем, акылың өзүң менен. Мен сага болгону бакыт, ден-соолук, узак өмүр гана тилеймин балам. Белине бекем күч болчу атаң бар, мээрим, сүйүү төккөн мен бармын, ар дайым сени колдогон жан шерик бир тууганың бар. Жашоодо азыркыдай эле эч нерседен коркпо, азыр эле түзүп алган максаттарды багындыр. Аракет гана кылсаң, калган нерсенин баары бар сенде. Дүйнөдө болгон кереметтин баары сенде. Өз атыңды, колуңдагы Кыргыз жеринин картасын татыктуу көтөрүп, жалпы элиңе кызмат кыл. Өлкөгө жаркын келечек алып келесиң, биз сага ишенебиз.
https://ok.ru/profile/567857887998
https://ok.ru/profile/567857887998
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 52