Предыдущая публикация
Адам болсок ата акылы мененбиз
Атасы жок адашкан бир кемебиз
Ач калганда нан кадырын сезгендей
Ата баркын айрылганда сезебиз
Өмүр берип өргө тарткан энебиз
Энеси жок ээн калган кепебиз
Күн кадырын үшүгөндө сезгендей
Эне баркын жоготкондо сезебиз
Бир туугандар атабыз бир энебиз
Кыйындыкты тууган менен жеңебиз
Суу кадырын чаңкаганда сезгендей
Тууган баркын кыйындыкта сезебиз
Сүйүү менен өмүр улап келебиз
Сүйгөнүңсүз жарымы жок денебиз
Ай кадырын көөдөй түндө сезгендей
Жар кадырын жалгыз калып сезебиз
Карагулов Кубатбек 19.01.2018
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев