Кичинекей баланы өйдө ыргытсаң күлөт. Анткени ал, сенин жерге түшүрбөй кармап калаарыңа толук ишенет. Бул кичинекей баланын сага болгон ишеними. Сен да Аллага терең ишеничте бол! Эгер тагдыр сени, өз жебеси менен атса, Алла Таала сени тагдырдын жебесинен сактаарына толук ишен!!!
Алла Таала байлык берген адамга көрө албастык кылба. Анткени сен, Алла Таала ал пенденин эмнесин алганын билбейсин. Эгерде Алла Таала сенден бир нерсеңди алып койгон болсо кайгырба. Анткени, сага анын оордуна эмне берээрин билбейсин. Кандай абал болсо да дайыма Аллага шүгүр айт.
Диинар - Алтындан болгон акча бирдиги.
Эмне үчүн диинар, диинар деп аталып калган???
Ислам аалымы диинардын, диинар деп аталып калышынын себебин төмөнкүчө түшүндүрөт: "Диин (дин), Наар (Тозок) деген сөздөн турат. Ким диинарды (акчаны) адал жолдон тапса, ага дин (бейиш). Ким аны арам жолдон тапса, ага наар (тозок).
Атанын кайрылуусу.
О, балдарым! Менин амалдарым, ибадаттарым, сооп иштерим токтоду. Эми үмүтүм силерсиңер. Силердин менин атымдан берген садакаларыңар, мени кубантат, мага кылган дубаларыңар, менин даражамды көтөрөт. Мен кабырда жалгызмын, мени дубаңарда унутпагыла.. Силердин бардык жакшы амалдарыңардын сообу, мага жетип турат.
Эгер акыйкатты жана кооздуктарды көргөн көзүң болсо, адамдардын кемчиликтерин кечирген жүрөгүң болсо, акыйкатка жетелеген акылың болсо, жакшы ой-максат, үмүткө толгон рухуң, жан-дүйнөң болсо, анда сен эң бактылуу адамдардын катарын толуктайсын.
Абдышүкүр ажы Нарматов
"Ихсан медиа" порталы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев