Предыдущая публикация
(Конкурска)
Окуу бүттүм аркалай албадым,
Көп ойлонуп ыр жазууну тандадым.
Маңыздуу жакшы чыкса саптарым,
Болбос эле анда менин арманым.
Ийгиликке жетүү үчүн умтулам,
Түркүн ойго түшүп алып тумчугам.
Алыкулдун ырын окуп ар дайым,
Калем мизи болот сындуу курчуган.
Бала кезден ыр жазганды көксөдүм,
Сын айтса да сыгылбадым чөкпөдүм.
Жөпжөнөкөй болуу үчүн тырышып,
Менменсинип, бой көтөрүп көпөдүм.
Ырым болсо ийгиликтин башаты,
Көркөмдөлүп мыкты чыкса сапаты.
Ыр дүйнөгө бүт өмүрүм арнаармын,
Тийип турса эл-журтумдун батасы.
АБДИЕВА ЭЛЗАТ ЫСЫК-КӨЛ облусу.
19.09.24 жыл
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 13
Ийгилик калемин курчуй берсин