Предыдущая публикация
Билебиз жылдын жыларын,
Баатырдын күчтүү кыраанын.
Чыбылдый баатыр Басыздын,
Толуктайт ордун Мунарың.
Жаныбек казы эл сүйгөн,
Эл үчүн дайым жан күйгөн.
Намыска жарап Мунарбек,
Таң калды элдер бүт дүйнөң.
Токтобой күчтөн Мунарбек,
Көп жеңиш дагы кылар деп.
Сыймыгы сенсиң Басыздын,
Көк жашыл өскөн чынар деп.
Тиреги болуп карыптын,
Тоо суусу болуп арыктын.
Атагың дүйнө таш жарып,
Эч өчпөс тарых жаңырттың.
Ийгилик сага баш бакты,
Кетирбе бекер жаш чакты.
Жеңилет Мунар деп айткан,
Серепчи сөзүн таш капты.
Ыр ээси: Эшмамат Жалилов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев