Жатасың, иштебестен артылып бут,
Жатканга кайдан келет береке кут.
Жатпагын иште тез-тез эртеге кыш,
Жалкоого кышта келет ачкалык жут.
Уйкуну аз уктагын жаздын күнү,
Иштегин кетмен чабып күнү түнү.
Береке качпайт келет иштегенге,
Ач калбайт иштегендин миңден бири.
Эркекте жалкоосу көп кашаңырак,
Иш дегенде, чү коюуп качат ыраак.
Аш десе жетип келип арка белден,
Сугунат тойбоочудай нанды бурап.
Иштеген көңүл ачык иштей берет,
Иш кошулуп иштерине улай берет.
Иштерман курсагы ток, акча белен,
Жалкоолор улам карыз сурай берет.
Тур иште, жата бербей жалкоо болуп,
Кыштаган аюу сымал бармак соруп.
Жалкоолор суранышат ачка калып,
Иштеген кенен жешет койду сойуп.
Болгонун жаза берем көзгө сайып,
Иштегин, жаш учурду кылба айып.
Укпадым бир адамды иштен өлгөн,
Жалкоонун дени сак, бирок майып.
Ыр ээси: Эшмамат Жалилов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев