Азирети Умар (Алла андан ыраазы болсун) калыйпа болуп турган кезде өзүнө жардамчы кылып бир жумушчу алат. Анын милдети күн сайын калыйпага өлүмдү эскертип туруу эле. Ал күн сайын эрте менен калыйпага келип:
– Оо, момундардын башчысы, өлүмдү эсиңен чыгарба, – деп эскертип турчу. Тайманбастыгы, такыбаалыгы жана да адилеттүүлүгү менен астына ат салдырбаган калыйпа да өзүнө ишенбей ушул жолго барган. Бир күнү ал чачын, сакалын ак аралай баштаганын көрөт. Көрөт да баягы "өлүм эскерткич" жигиттин кереги жок экенин түшүнөт. Аны чакырып бүгүнтөн баштап бош экенин айтат. Таң калган кызматчы:
– Оо, момундардын башчысы, эмне себептен оюңуздан баш тарттыңыз же өлүмдү эскертүүдөн тажадыңызбы? – деп сурайт. Анда Умар (Алла андан ыраазы болсун):
– Ушул күнгө чейин жаштык мени жандап жүрдү. Жаштыкка алданып акыретти, өлүмдү унутуп калбайын деп чочулачумун. Бүгүн күзгүдөм карасам сакалымды ак аралап, карылыктын белгилери пайда боло баштаптыр. Эми мага өлүмдү, агарган чачтарым менен сакалым эстетип турат, – деп Кыяматка чейин аңызга айланчу кебин айткан экен.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев