Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
ШЫБЫРАП
Чайга салып ичип салаар ширин немесиң,
Мынча сулуу, мынча назик сенин келбетиң.
Көрүп сени эсим кетти. Жүрөк козгодуң,
Көрбөгөнмүн сендей эч бирин.
Көздөрундөн сенин,
Назик, сүйкүм кебиң
кулпурат, кулпурат.
жаныма бир келип,
сүйөм дечи мени,
шыбырап шыбырап
Күндөн күнгө сага болгон сезим күч алып,
Көргүм келип сага карай барам гүл алып,
Терезеңде күтөм сени күүгүм батканча,
Сени сүйдүм кайра жашарып.
Текст: 14:23 30.07.2024
Сөзү: Гулзат Кудайбердиева, Ильяз Абдыразаков.
Обону: Ильяз Абдыразаков