Бут кийимимди берип, акырын сөзгө тартып ысымы Дүйшөн, Ноокаттан болот экен. Эки бутум бүгүлбөйт, дагы жакшы аскерде жүргөндө ушу өнөрдү үйрөнүп алыпмын, жок дегенде өз оокатымды өзүм кылам деди. Өзү мени менен, эски тааныштай, ачылып сүйлөшүп кетти, сөзүн бөлбөй кунт коюп угуп олтурдум... Мурда дальнобойщик шоопур болуп иштегенин, мындан 15 жылдай мурда жол кырсыкка кабылып, Токтогулдан өтүп баратканда астынан Степ унаа чыга коюп, андан качам деп 50 метрдей жардан кулап, көпкө жатып калыптыр эс учун жоготуп, бүктөлүп машинанын ичинде... Берки алдынан чыга калган Стептин айдоочусу ошол бойдон качып изин суутуптур. Анан бирөөлөр көрүп калышып, жардамга келип, бир канча күн өзүнө келбей, канча жолу операция болуп, ошондон бери буттары бүгүлбөй, жакшы баса албай калганын айтты... Аялым экөөбүздүн ортобузда бир кызыбыз эле бар, ал да оорукчан, мен кечке чейин бул жерде иштеп тапканым, өзүбүздүн үй оокатка жетет деп үшкүрүндү.... Аны тиктеп турган мен өзүмчө башкача акыбалда болдум, өзүн жоготпой, майып болсо да аракет кылып, алты саныбыз аман, биз эмнеге кейип кепчий беребиз деп, Кудайга миң мертебе тообо кылып, шүгүр келтирдим! Дегеле ушундай аракетчил инсандарга жүрөгүм жылыйт, уурулук кылбайт, аферист эмес, ак эмгеги менен таза нан таап иштегендерге ДАҢК! Бут кийимимди жакшылап тигип берди, рахматымды айтып, акысын төлөп, сиз жөнүндө жазгым келди, сүрөткө тартып алайын десем, макулдугун берип, бир аз ыңгайсыз болгонсуду, бирок аябай жүрөгүм жылып, ушул инсандын кайратына, сабырына, мээнетине чын жүрөктөн ыраазы болуп, ансыз да маанайым анча эмес мага да шык, дем берди.... Негизи Ош базардын айланасын аралап чыксаң, биздин азыркы жашоонун чыныгы жүздөрүн көрүп чыгасың!... Бирөөсү ырдап жүрөт, бирөөлөр ыйлап жүрөт... Турмуш улана берет экен.............
P.S кимде ким жардам берем дегендер болсо, төмөндө М банкы жазылуу турат.
+996704990776. Өзүнө түз чыксаңыздар болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2