Чыт көйнөк, бутка кепич кийип алып,
Чуркачум билегимди түрүп алып.
Чарчабас, чалыкпаган балалык кез,
Чер жазам, айылыма бүгүн барып.
Кучак жай, бара жатат чунак кызың,
Оозумда даамы турат булак сууңдун.
Өзгөрүп калдым бирок баягыдан,
Отуз жаш чамалаган курактуумун.
Сезилет таштан урчу ысык табың,
Көрүүгө сени абдан кызыктаармын.
Өзгөрүп кеткендирсиң сулуу болуп,
Жыйдым да, кетип жатам бүгүн баарын.
Өлсөм не коюнуңда жашап, карып,
Өзгөгө ыраа көрбөй турам тарып.
Жаңыдан көчүп келген көп деп уктум,
Көз мончок тагып келем бүгүн барып.
Баягы жашыл дөңсөө жайындабы?
Мендеги буттан түшкөн изим барбы?
Өчүрбөй ошол изди карап турчу..
Таң кала, көрүп алсын балам дагы..
Айылым сени сүйчү кызың менмин,
Мүрөктөй сууңду ичип чоңойгонмун.
Балтыр кан таамп сенде тагы калды,
Өзүңдөн кетпөө жолун көп ойлодум..
Мырзасы айылымдын боштук кылып,
Алыстан турмуш таптым сенден чыгып.
Жигитти жактырсам не коңшу болгон,
Азыр да ойлоп алып турам кейип..
Тагдыр да, пешенеге жазып койгон..
Алыстан узаак жолго салып койгон..
А мейли бүгүн барып түнөйм сенде,
Магдырап кучагыңа жайып койгон...
"Ак- Кыям" сага берчү карызым көп,
Жемишиң, мөмөлөрүң чоңойдум жеп.
Мончокту моюнуңа тагам барып,
Алып кой кайтып келген карызым деп..
Айылым мына бүгүн сага барам,
Андагы эски жайды бүт кыдырам...
Автор: Эльвира Мейман😢😢😢
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 23
Балли !
Бар болуңуз...