Автор:Сейдакматов Тынчтык.
Атышуу жылгаа ичи жоокер онтойт,
Апа,апа деп жаңырыгын үнүн коштойт.
Мерез тагдыр мүшкүл карап табалайт,
Ажал болсо,жеңемин деп жакалайт.
Көз жумулду,бирок эрин кыбырайт,
Апаа,апаа деп үн чыгарбай шыбырайт.
Доктор жетип,ийне камдап сайганда,
Жоокер кетти кош айта албай апага.
Ыйлаап турду жылдыз таккан офицер,
Апаа деди акыр сөзүн уктуңарбы,эй силер!!!
Кантип эми жеткиремин кабарды,
Сактай албай,жоготтум деп балаңды.
Эрте менен бирге тамак ичкенбиз,
Азыр эле,бирге басып келгенбиз.
Көкүрөөктү ызаа сабап камчылап,
Мөлтүр жаштар,жерге түштү тамчылап.
Тагдырдын кыя жолун тайса турбас,
Кыяматтык уу сезимдер калды мурас.
Кандар акты,ташка сиңбей жалтырап,
Көргөн көздөр,кантип аны унутат.
Жылгаа ичи,кулак тунду тунжураб,
Онтоо тартып,кыйналганы көз жумат.
Ажал болсо,аңдыйт алыс кетпестен,
Шоруң качса кармаймын деп этектен.
Көкүрөөктөр толуп орден медалга,
Ак сакалдуу,баатырларым катарда.
Жеңиш туусун,сиздер сайып берлинге,
Жол салынган,Тынчтык деген сапарга.
Жаштык курак от аралап өткөнүн,
Канча жылдыз,кайра жанбай өчкөнүн.
Тагдыр деген пешенеге жазыптыр,
Өмүр гүлүн,үшүк алып бүрлөрүн.
М
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4