Арбалып дүйнөңө кирген элем,
Арзуунун ак көйнөгүн кийген элем.
Агатай өмүргө шерик болгон,
Арман деген сүрөттү чийген элем.
Кызыгып жүрөгүңө кирген элем,
Кызылдан жомок таажы кийген элем.
Кызгымтыл күндүн баткан уясына,
Кыз сырым билинбейт деп чийген элем.
Сагынып түштөрүңө кирген элем,
Санаамды санааңа түйгөн элем.
Сан жылдар жанымда жүргөн сымал,
Сизди деп жалын оттой күйгөн элем.
Шоктонуп көңүлүңө кирген элем,
Шол жамгырды негедир сүйгөн элем.
Шолоктогон үнүмдү угузбастан,
Шыбырап атың эске түйгөн элем.
Талпынган сезимдерге күлгөн элем,
Тамаша сөзүң үчүн күйгөн элем.
Тагдырдын тар жолу сынаганда,
Тайгылбай таалайым күткөн элем.
Мен сизди кимдик деп жүргөн элем,
Мээримдүү ошол көзүң сүйгөн элем.
Магдырап койнуңдан чыкпаш үчүн,
Мен сизди келет деп күткөн элем...
Мен сизди тээ түпкүрдөн сүйгөн элем....
Наима
15.05.2017
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев