Кыз айтып жатты: -Менин денемди кепинге ороп Аслан, Руслан, Бийсолт жана Беслан көтөрүп жөнөштү. Алар кепинди көтөрүп жөнөшкөндө мен өзүмдүн денемди эмес, ит кейпин айланып калган денени көрдүм😱. Мен бакырып ыйлап аларга айтып жаттым: силер мени эмес ит денесин алып бвратасыңар. Бирок мени эч ким уккан да, көргөн да жок. Алар денени жерге көмүшүп, суу сээп, качан акыркы адам мүрзөдөн чыгып кеткен учурда, жаныма менин жанымды алган бир периште зат пайда болду. Мен мүрзөдөн чыгып адамдар жакка качып кетким келди, бирок эч жерим кыймылга келбеди. Периште сүйлөдү: "кел бул жакка, өзүңдүн мүрзөңө жат". Мен ага жалынып жалбарып ал жерге жаткырбоосун суранып жаттым, мага дагы бир күн убакыт берүүсүн, ошол убакыт ичинде жашап өткөн жашоомдогу каталарымды оңдоп келүүмдү суранып жаттым. Ал менин сөзүмө кулак салбады, мени чынжырга байлап күч менен мүрзөдөгү ордума тартты. Алгач мен уктадым, андан кийин бир чүчкүрүп ойгонуп айланамда аябай караңгы жерди көрүп турдум. Эки капталымда эки периште отурганын көрдүм: оң жактагы периштенин колунда аябай жука китеп, ал эми сол жактагы периштенин колунда аябай калың китеп бар эле. Анан мага түшүндүрүштү: калың китеп бул менин жасаган күнөөлөрүм, ал эми жука китеп менин сооптуу иштерим экенин, бирок ошол китепте окуган намазым жана кармаган орозом да жок экен. Мен ойлонуп калдым: эмнеге сооп китепте алар жок, анткени жашоомдо намаз менен орозону аткарып жүрдүм элего. Анан алар күнөө китепти ачышып, ар бир күнөөм үчүн денеме бирден учтуу темирди сайып жатышты. Мен үчүн ал кыйноо миң жылга тетедей сезилди. Алар күнөөлөрдү санап бүткөндө өзүмдүн денеме карасам, бир да бош жери калбаптыр. Анан көз алдыма бүт адамзаты көрүндү. Анан кулагыма араб тилинде айтылган аябай жагымдуу үн угулду, араб тилинде болсо да ар бир сөзгө түшүндүм. Ал мындай сүйлөп жатты: Мына ошол күн да келди. Эми силер билесиңер, ким силердин жаратуучуңар экенин. Эмне үчүн мен силерге жашоо берип, эмне үчүн жаныңарды алып жатканымды.
Бул сөздөрдөн кийин мен көргөн адамдар баары ыйлап Жаратуучудан кечирим сурай башташты. Адамдардын арасында эки баштуу адамдар, дагы бирлеринин болсо тили экөө, үчүнчүлөрүнүн денесине жыландар оролгон, төртүнчү адамдар кумурскадай майда болуп тебелендиде калып жатты. Бешинчи түрдөгү адамдардын жүзүнүн ордуна жыныс мүчөлөрү жайгашкан. Анан мага айтып жатышты: эки баштуу адамдар жашоосунда арак ичип, тамеки чегип жаман жүргөндөр, эки ача тилдүү адамдар ушак айың сүйлөп, сөз ташып адамдарды уруштургандар, кумурскадай майда адамдар жашоосунда Жаратуучунун айткандарын укпай, амал кылбай жүргөндөр, ал эми жүзүнө жыныс органы өсүп чыккандары жашоосунда үй-бүлөсүнө кыянат кылып зына жолуна баргандар. Андан кийин жаратуучу жаныбарларды алып келүүнү буюрду. Жаныбарлар коркконунан титиреп араң келишти. Жаратуучу алардан сурады: Ким силердин жаратуучуңар? Алар жооп кайтарышты: Сен биздин жаратуучубуз!
Анан Жаратуучу аларды бейишке жана тозокко кирүүчү топко бөлдү. Жаныбарлардан бейишке кирүүчүлөр көп эле. Жаратуучу айтты: Бейишке жаныбарлардан чочкону жана итти киргизбейм.
Анан жаратуучу Пайгамбарларды чакырды. Алар 25 эле. Алар да Жаратуучунун кечирбей коюшунан коркуп араң келишти. Анан Жаратуучу ачууланып минтти: мен бейишти жана тозокту көрсөткөн пайгамбарларым мынча корксоңор адамдар эмне кылат!? Анан ал тозокту көрсөтүүнү буюрду. Мен бир чоң үңкүр сыяктуу нерседен атып чыгып жаткан кыпкызыл отту, жана ошол отто эки көздү көрдүм. Жаратуучу андан сурады: Ким сенин кудайың? От жооп берди: Сен менин кудайымсың, сен гана жаратасың жана кайра жанын аласың. Жаратуучу айтты: мага ишенбеген жана мени тааныбаган адамдарды көргүм келбейт, аларды жутуп кет деп буюрду. Көптөгөн оттуу колдор чыгып ал адамдарды өзүнө жутуп жатты. Алардын кыйкырганын угуп жаттым. Анан Жаратуучу бейишке кирүүчү адамдарды катарга турууну буюрду, алар болгону 1 процент эле. Анан жаратуучу тозоктун эшиктерин ачууну буюрду, жана тозокко кирчү адамдардын өз буттары аларды тартып баратты. Алар чыңырышты, бирок буттары өздөрүнө баш ийбейт эле. Алардын ыйлаган үнүнөн кулагым тунуп дүлөй болуп кала жаздадым. Мен жараткандан кечирүүсүн жана Жерге кайтып каталарымды оңдоого бир күн гана берүүсүн сурандым. Ал жерде бир дарак турду, тозокко түшкөндөр ал даракка улам чуркап келип кетип жатышты. Ал дарактан суу тамчылап адамдар андан ичип жатышты. Мен жакын барганда бул тамчылар колума түшкөндө анын өтө ысык экенин сездим. Башка суу жок болгондуктан адамдар андан ичип жатышты. Жаратуучу айтты: тозокто аялдар көп болот, алардын азыраак бөлүгү жашоосунда зынага баргандар, ал эми көпчүлүгү денесин оробой ачык кийинип жүргөндөр. Жаратуучу оронуп жүрүүнү мусулман аялдары үчүн милдеттүү кылды. Бул аялдар жашоосунда намаз окушту, орозо кармашты, бирок бир гана ушул себептүү алардын ибадаттарын Жараткан кабыл албады. Мен сурадым: эмне себептен? Жаратуучу айтты: Себеби алар өздөрүн жаап жүрүшпөдү. Ошон үчүн алардын ибадаттарын кабыл албадым. Бул аялдар Жаратканга жалынып, жерге бир күнгө уруксат берүүсүн, жана бул каталарын оңдоп келебиз деп суранышты. Жаратуучу ачууланып жооп айтты: Жашооңордо канча белги бердим? Силерге пайгамбарларды жөнөттүмбү? Силерге Куранды түшүрдүмбү? Ушунча белгилерге карабастан мени укпадыңар, анан кантип бир күндө катаңарды оңдойсуңар? Ар бириңдин жаныңда шайтан болгон жана алар силерди менден алыстаткан, ошон үчүн мен силерди тозокко жөнөтөм. Оттун жалыны ого бетер күчөй баштады. Анан мага суроо берди: -Жерде жашаганыңда сен кимди уккансың? Кимдин тапшырмасын аткаргансың? - Мен өзүмдүн жаратуучумду укканмын.
-Дагы кимди?
-Дагы ата-энемди укканмын.
-Жерде жашаганыңда денеңди ороп жүргөнсүңбү?
-Каалаган элем, бирок тоскоолдуктар болгон.
-Эмне сага тоскоол болгон?
-Менин энем буга каршы эле.
-Сен ата-энеңди угууга милдеттүүсүң, бул чындык, бирок алар сага айткан нерсе сенин Жаратуучуңдун айтканына каршы келбеш керек. Сен энеңди уктуң, бирок Жаратуучуңдун айтканына кулак салбадың, азыр ошол апаң айткан себептүү тозокко түшөсүң. Ал жерде күй - жана ал мени отко ыргытты. Бул өтө коркунучтуу эле. Мен бул нерсени эч бир мусулманга ыраа көрбөйт элем. Мени отко ыргытып жатышканда, менин оң кулагыма кимдир бирөө "Къулхуваллоху ахад" деп окуганын уктум. Үч жолу окулду. Андан кийин мага Куран окуй баштады. Тозоктун эшиги ачылып андан ак кийим кийген, жүзү нурдуу, узун сакалдуу бирөө чыгып, мени оң колумдан кармап ал жерден алып чыкты. Мен анын буттарынан өөп, ал жерден алып чыкканына чексиз ыраазычылыгымды билгиздим. Мен андан сурадым: -Мен эмне бейиштеминби?
-Эмнеге сага бул жер бейиш сезилип жатабы?
-Тозоктон кийин мага бул жер бейиштегидей.
-Сен баарын көрдүңбү? Баарын уктуңбу? Сен мунун баарын башыңдан өткөрдүңбү?
-Ооба.
-Экинчи мындай нерсе кайталанбайт. Жараткан сени сактады, сенин бардык күнөөлөрүңдү бир адамдын ибадаты жана суранычы үчүн кечирди.
-Кандай бир адам?
-Сенин иниң Муслим. Ал сага Куран окуду жана Аллах сенин бардык күнөөлөрүңдү кечирди. Эми сен бул жөнүндө бардыгына айтууга милдеттүүсүң. Сен аны жашыра албайсың. Биринчи кезекте сен муну оронбогон аялдарга айтышың керек. Жерге кайтканыңда сөзсүз оронгун. Сен муну мусулман эже сиңдилериңе айтып бер, жана алар өздөрүнүн башка эжелерине айтып берсин.
Качан биз көктөн түшүп келатканда ал менин колумду кое бербеди, мен жыгылып түшчүдөй. Качан менин өзүмдүн көчөмө жеткенде мен ар бир үйдүн дарбазасынын астында турган кара түстүү жандыктарды көрдүм. Мен сурадым: -Ким алар? - Булар шайтандын тобунан болушат. -Эмнеге алар ал жерде турушат?
- Жаратуучу бул үйлөрдөн өзүнүн периштелерин алыстатып, шайтандын кызматчыларын жакындатты.
- Бирок эмнеге? Алар эмне кылышты?
- Алар жашоосундв музыка угушат, үйлөрүнө тирүү жандыктардын сүрөтүн илишет, алардын үйүндө оронбогон аялдар жашайт. Биринчи кезекте бул үйдөгү эркектер эжелери, кыздары жана аялдары үчүн суралат.
Кийин менин бөлмөмө кирдик, бирок ал менин колумдан кое бербеди. Комнатага кирип кроватта жаткан өзүмдү көрдүм, жанымда менин иним мага Куран окуп жатты. Менин денем ыйлап жатканын көрүп, мени коштоп келген периштеден сурадым: -Менин жаным бул жакта турса, кандай ыйлап жатат менин денем?
-Аллах сени кечирди. Сен өлгөн жоксуң. Эми сен бул түш жөнүндө айтууга милдеттүүсүң. Эгер сен муну кылбасаң сени мындан катуу жаза күтөт.
Урматтуу бир тууганым, сен муну өзүңдүн жакындарыңа жөнөт, Аллахтын аты менен айтайын, ким муну окуса анын Ыйманы бекемделет, жана сага да Аллахтан сооп жазылат, ИНШААЛЛАХ.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 9