Аягына чейин окуп чыкканча эринбегин.
Анткени сен ѳмүрүндѳ укпаган маалыматтар жазылган.
Сенден ѳтүнѳѳрүм ушул маалыматты башка мусулмандарга жеткирүүгѳ кѳмѳктѳшѳ кѳр.
Албетте мындай жакшылык иштерде жарышуу керек анткени акыретте баарыбыз соопко муктажбыз.
Мусулман бир тууганым Аллах бизден өлүмдүн убагын эмне себептен жашырып койгондун даанышмандыгы эмнеде экенин билесиңби?
Баарыбыз өлүмгө ишенебиз жана анын чындык экенин билебиз.
Бул жер бетиндеги өмур сүргөн адам баласы кайсы ишенимде болбосун, кайсы материкте болбосун, кайсы рассадан болбосун баары бир ооздон өлүм хак (акыйкат) экенин танышпайт.
Ошондой эле ар бир тирүү жан үлүмдү татуучу экени баарыбызга айкын.
Жер бетиндеги тирүү жандын баары бул жер бетинде убактылуу жашаган конокпуз.
Ошондой эле билбейбиз ажал бизди кайсы күнү, кайсы убакта жана кай жерде алып кетерин.
Эгер Аллах Ар бирибизге кайсы убакта өлөрүбүздү кабарлап койгондо, балким биз бул азгырык дүйнөдө туура эмес күнөө иштерге барып коймок белек.
Өлүм убагына аз калганда кылган иштерибизге тообо кылып, ыйманыбызга кайра жаңылаганга жетишип калмакпыз деген үмүттө.
Бирок Жараткан ал нерсени каалабады.
Бул даанышмандыгынын себеби биз инсандар учун эле пайдалуу.
Анткени бир козубуз менен бул дуного карасак, экинчи козубуз менен акыретке карайбыз.
Ошондуктан Аллахтын бардыгына олумдун хактыгына (акыйаттыгына) ишенген момун адам куноо иштерден озун оолак кармайт.
Анткени ал билбейт кайсы убакта олум келерин.
Эгер куноо ишке барса тообо кылганга улгуромбу же куноо иштин устундо оломбу деген ой анын тынчын алат.
Мына ошондуктан ал бул жашоодо туз жана таза жургонго аракеттенет.
Аллах Таала куранда айтат:
"Баардык жандар олум даамын татышат жана кыямат куну ар биринерге сыйлыгынар толугу менен берилет.
(Ошондо) Ким тозок отунан куткарылып, бейишке киргизилген болсо, мына ошол ийгиликке жетет.
Ал эми бул дуйно жашоосу тек гана убактылуу азгырык". «Ал-Имран» сүрөсү 185-аят).
←Түшүндүрмөсү:
Жер бетиндеги дем алган тируу жан ажалы жеткенде олуучу.
Ислам аалымдары өлүмдүн даамы ачуу дейт.
Аны ар бир тирүү жан ажалы жеткенде даамдайт.
Эсеп күнү ар бир адамдын кылган ишине жараша жазасы берилет.
Ал күнү инсандын кыпындай жакшылык иши да, жамандык иши да унутулбайт.
Мына ошол күнү кимдин эсеп таразасы оң жагына ооп, сооп иши көп болсо тозок отунан алыстатылып, бейишке кирет.
А бул дуйно жашоосу туболук эмес.
Ошондуктан дүйнө артынан сокур адам сыяктуу ээрчибе.
Адам баласы бул дуйного жолго чыккан мусаапыр адам сыяктуу жана конок.
Дүйнөнү байлыкты алгын бирок жете турган жерине чейин гана.
Аллах Таала куранда айтат:
"Акыйкатта кыямат күнүнүн мөөнөтүн Аллах гана билет.
Ал жаан жаадырат жана курсактагыны билет.
Бир да жан эртен эмне болорун жана кайсы жерде олорун билбейт.
Акыйкатта Аллах - Билүүчу жана Кабардар".
("Лукман сүрөсү: 34-аят)
←Түшүндүрмөсү:
Бул жерде беш нерсени эскерип өттү:
√ Кыямат күндүн качан болуусу;
Аны жараткандан башка эч ким билбейт жада калса периштелердин улуусу Жабраил (алайхи салам) да Пайгамбарлардын шарапаттуусу Мухаммад
(ага Алланын саламы жана салаваты болсун) пайгамбар да билбейт.
√ Жаандын качан жана кайсы убакта кайсы жерге жаарын бир гана Аллах билет.
Бирок замандын онугуусуно, техникалардын жетишкендигине карабай синоптиктер ыктымалдуу турдо гана айта алышат.
Шамалдын ылдамдыгына карата.
Тилеке каршы коп убакытта алар жанылышат.
√ Эненин курсагындагы баланы Аллахтан башка эч ким биле албайт.
Бул да техниканын жана аппараттын өнүгүүсүнө карабай айта албайт.
Мисалы 4 айда ага жан (рух) берилет.
Аллах анын уулдук же кыздык белгилерин жаратмайынча аныктай алышпайт.
Ошондой эле анын качан төрөлүшүн, жана анын бул дүйнөгө тирүү же өлүү келерин Аллахтан башка эч ким билбейт.
Анын бул дүйнөдө бактылуу же бактысыз, ырыскысы кенен же тар, өмүрү узун же кыска болушун тек гана бир Аллах билет.
√ Инсандын жашоосунда эртең эмне болорун Аллахтан башка эч ким билбейт.
Эртең ал дүйнөдө бар болобу же жок болобу бир Аллах билет.
√ Адам баласынын кайсы жерде жана кантип өлөрүн Аллахтан башка эч ким билбейт.
Балким ал тоодо, балким сууда, балким чөлдө, балким жол кырсыгында айтоор билбейбиз.
Аллах Таала куранда айтат:
"Эгер алардын ажал мөөнөтү келгенде, алар (ажалы жеткен адамдар) аны (ажалды) бир саатка кечиктире да, илгерилете да алышпайт". «Нахл» сурөөс: 61-аят)
← Түшүндүрмөсү:
Эгер инсандын ажал сааты жеткен болсо ал аны бир секундка да кармай албайт же болбосо кечиктире албайт.
Же болбосо инсан ажал саатынан мурда өлбөйт.
Мисалыга өзүн өлтүрөм дегендер ажалы жеткен эмес болсо ал адам өлбөйт.
Бирок кылган ишине жараша өлүмүн майып болуп инвалидный коляскада же болбосо өлүм төшөгүндө жатып өлүм сааты келгенче жашашат.
Бул жашоодо канча адамдарды көрүп жүрөбүз өтүүчү жолдон башка адамдардан бир аз эрте баса койот же болбосо бир аз кечигип баса койот мына ошондо аны машине түртө кетет.
Аны көргөн адам биз менен эле басканда ушул нерсе болмок эмес дейт.
Жок андай эмес, андай болмок да эмес.
Анткени бул нерсе анын тагдырына жазылган ажалы ошол убакытта ошол жерде айтылган.
• Дагы айта кете турган нерсе хадистин маанисинде келет ырыскы менен ажал окшош.
Ажал адамды өлүм саатында кандай кууп жете турган болсо, инсандын тагдырына жазылган ырыскы да аны ошондой кууп жетет.
Инсан бул дүйнөгө төрөлө элек кезинде ырыскысы жазылат ошондуктан ачкалыктан өлөм деп коркпоо керек.
Сенин ырыскың түгөндү дегенче ажал сени алып кетет.
Ошондуктан канчалык байлык топтобо сен андан тагдырына жазылган гана ырыскыны аласын ал эми калганы башкалардын ырыскысы.
Аягында Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ)дын дуасы менен бүтүрөлү:
Оо Аллахым, Сен биздин жаныбызды ала көрбө, качан Сен бизден ыраазы болмойунча.
📚 ШАРИАТ ИЛИМИ
👳 Сабыр Мавлянов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев