Билесиңби дос дегендин маанисин
Дос дебейсиң элдин эле баарысын
Дос дегениң наны болсо бир гана
Берген адам баарын эмес жарымын
Баарын берген болот жалгыз ата-эне
Бир туугандан бөлүнөсүң бат эле
Бирок досуң бир туугандай боло албайт
Досторуңа таарынбагын анча эле.
Дос дегенди жардамчы деп билип кой
Досуң күлсө сенда кошо күлүп кой
Досторуңа таянбастан көп эле
Дос ордуна өзүңдү да койуп көр
Чакырганда келбей койсо тарынбы
Акча,тыйын бербей койсо ачынба
Калп таарынып түшүнбөсөң досуңа
Ошол нерсе келет сенин башыңа
Достор менен көңүл ачып ойносоң
Тойлоруда чогу бирге тойлосоң
Кара ниет жаман ишти ойлобой
Достор үчүн жакшы нерсе ойлосоң
Досторуңду чын көңүлдөн сүйүп кой
Достор үчүн кез келгенде күйүп кой
Чөйрөңдөгү тааныштардын ичинен
Эң жакыны дос экенин билип кой
©Мунарбек Ниязбеков (Мунар Иса)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2