Предыдущая публикация
Канчасы калды алдыда...
Өзүңдү издейм,
Кайышып карап алдыга.
Өмүрүм текке
Өтпөсүн үчүн табамын,
Өкүнтүп кеткен,
Күндөрүм жакшы калгыла...
Бурганак урат,
Буйдалтып бура бастырбай,
Бул сапар – жолдор,
Буулуккан сырым жактырбай.
Азайып, азыр,
Азабың мейли тартайын,
Алдымдан чыкчы,
Адашып тапкан жакшы ырдай.
Боорумду тосуп,
Бороонго барам бой уруп,
Боз инген болуп,
Боздогон үнүм кой угуп.
Жомоктой балким,
Жолумдан тосуп чыгарсың,
Жоругум сүйүп,
Жодурап күлүп жолугуп...
2014.
Эски дептерден
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 35
Ырлараңыз өтө жагат
Озуңузда, Сөзүңүз да жүрөктү эргитет,
Өтө жакшы аялсыз