Онлайн конкурс... ⤵
30 байгелүү орун...
1-июнь Бүткүл дүйнѳлүк балдарды коргоо күнүнѳ карата Исфана шаарынын мэриясы "Баарын билем!" аттуу онлайн конкурсун жарыялайт.
5 багыт боюнча төмөнкү шарттар каралган:
✅Фотоселфи . "Мен жана менин сүйүктүү оюнчугум" (0-4 жаш жана 5-7 жашка чейин). Сүрөттөр кызыктуу болуусу абзел.
✅Сүрөт тартуу сынагы "жай, күн, каникул!" темасында (4-6 жаш жана 7-11 жашка чейин). А4 форматында.
✅Бий флешмоб (7-11 жаш жана 12-17 жашка чейин). Бий бир катышуучу же балдардын тобу тарабынан кезектүүлүк менен, 1,5 мүнөттөн ашык эмес аткарылышы мүмкүн.
✅Жайдын обону вокалдык конкурсу" (7-11 жаш жана 12-17 жашка чейин). 1,5 мүнөттөн ашык эмес видео.
✅Көркөм окуу сынагы (7-11 жаш жана 12-17 жашка чейин). Убактысы 1 мүнөттөн ашпоосу керек.
- Конкурска Исфана мэриясынын аймагында жашаган балдар катышат.
- Бир катышуучу конкурстун бир шарты боюнча гана катыша алат.↘
❗Катышуу үчүн:
- мэриянын “Фейсбук” жана “ОК”дагы группаларынын биринде катталат. https://www.facebook.com/groups/isfanagrad же https://ok.ru/isfanagrad - Конкурс тууралуу жарыяга “лайк” басат.
- Шарттардын бири боюнча даярдаган материалын группага жүктөйт.
- Материалды жүктөөдө өзү жөнүндө маалыматты жазат же өзүн тааныштырат (фамилиясы, аты, жашы, дареги).
- Группага жүктөөдө хештегдерди колдонот (#исфана, #1июнь, #балдаркүнү).
- Материалдарды кыргыз, орус, өзбек тилинде даярдоо мүмкүн. Бирок мамлекеттик тилде болсо артыкчылыктуу болот.
📌Акыркы мөөнөт:
7-июнь .
Жыйынтык комиссия тарабынан 8-июнь күнү чыгарылат.🔓
30 байгелүү орунга акчалай сыйлык жана диплом даректүү жеткирип берилет.
Ийгилик каалайбыз!🎯
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев