Оо адамдар бир чоң жумуш жасайын!,
Мага зыян бербегиле атайын!.
Аллах үчүн баарыңарды кечирдим.
Апам үчүн мен бактылуу жашайын!.
Касташкандын кимге бар дейм, кереги?
Мейли башым ийдим, ушул элеби?
Мындан ары буттан чалып жыгытпа!
Апам үчүн бактылуумун себеби.
Кеми бүтпөйт кетирилген катанын,
Тайгак жолду тандап зорго басамын.
Канатымды кайрыса да наадандар,
Апам үчүн күлүп, жашап жатамын.
Ал анткени мен күлбөсөм, апам да,
Күлкү деген эмнелигин унутат.
Зулум чегип жүргөнүмдү билсечи!
Ыйлай берип көз жашыны курутат.
Досум, сен да мени сөксөң, секин сөк!
Жек көрүүңдү апам сезип албасын!
Кыяматтык дос деп жүрөт мактанып,
Чынын билип көөнү кирлеп калбасын.
Ошондуктан баарыңарга айтайын!
Коркпойм бирок, жолуңардан качайын!
Эки жүздүү, бакыл болот заалымдар,
Билем бир күнү Аллах берет сазайын.
Суранамын тоспогула жолумду!,,
Апам үчүн мен бактылуу жашайын!..
Анас (разияллооху анху)дан риваят:
Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам) айтты:
"Мусулман бир тууганыңа ар бир абалда жардам бер! Мейли ал заалым болсун же зулум чеккен болсун".
Бир киши: "Оо, Алланын Элчиси! эгер ал зулум чеккен болсо жардам кылам, а эгерде заалым болсочу кантип жардам берем?"- деп сураганда:
Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам) мындай деп жооп берди:
"Аны зулум кылуудан
тосууң, ага жардам берүүң болот."
(Бухари: мазалим 4; икрах 6. Муслим: фитан 68).
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 58