Эс алуу күнү Дилбар убада кылган боюнча сиңдиси Гулбардын үйүнө апасы Бурманы алып келди.Гулбардын жашоосу Дилбардыкындай болбосо да өзүлөрүнө жараша турмушу бар экен.Төрт бөлмөлүү үйү жана жайкы ашкана, мончо ирети менен курулуптур.Бурмалар келген кезде Гулбар эми гана турганбы, али да болсо уктоочу бөлмө жыйналбаптыр.Бурманын байкаганы кызы күйөөсүнө өчөшүп сага баары бир болсо мага да баары бир дегендей жашоо болуп калыптыр.Анткени кармаган буюмдарына эле баамдады.Иретиз коюлган буюмдар эле мунун баарын айгенелеп турат.Күйөөсү Канат дагы эле келбей кайда жүргөнү белгисиз.Жумуш деп эле жумалап жок болучу адаты пайда болуптур.
--Кызым ,деди ,Бурма.Канаттын келбей ж