»
Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун үгүт иштери башталды. Ордо калаабыз үчүн маанилүү бул саясий иш – чаранын алдында 10-март күнү «Ишеним» саясий партиясынын Бишкек шаардык бөлүмү
«Бишкек – Биримдүүлүктүн, Өнүгүүнүн жана Мыйзамдуулуктун шаары!» - деп аталган шайлоо алдындагы платформасы менен тааныштыруу иш-чарасын өткөрдү.
Алгачкы сөздү партиянын Бишкек шаардык бөлүмүнун төрагасы Азамат Дороев алып, экономикалык жана социалдык өнүгүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого өзгөчө артыкчылык берилген партиянын шайлоо алдындагы платформасына кенен токтолуп өттү.
Инвестиция, коомдук транспорт, социалдык мекемелерди куруу, экология, жашылдандыруу, инфраструктура сыяктуу Бишкектин баардык маселелери камтылган көйгөйлөрдү атап, аларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун айтты.
Ошондой эле Азамат Дороев шаардык кеңешке «Ишеним» партиясы буга чейин саясий кызматтарды ээлебеген, чоң саясатка аралашпаган жалаң жаңы жүздөрдөн турган кубаттуу команда менен чыгып жатканын кошумчалады.
- Эгер, биз Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо жеңип чыксак, сөзсүз кескин реформаларга барабыз. Элден чыккан элдик партиябыз. Катарыбызга жөнөкөй, ошол эле учурда өз ишинин чыныгы профессионалдары чогулган. Талапкерлерибиздин көбүн жөнөкөй жашоочулар «ушул татыктуу» деп өздөрү алып чыкты.
«Ишеним» партиясынын атынан аттанган талапкер, белгилүү ырчы Жайнагүл Калчаева шайлоонун ачык, таза, акыйкат өтүшүн кааларын айтып:
- 30 жылдан бери депутаттарды шайлоо убагында эле көрөбүз дагы, калган убакта алардын эмне иш кылып жатканынан кабарыбыз жок. Өлкөбүздө акыркы убактарда чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Акчасына таянган, депутаттыкты өз кызыкчылыгы, жеке бизнеси үчүн пайдалангандардын убагы өттү деп ойлойм. Шаардык кеңешке болгон шайлоодо да эл акчага алданбай, жүрөгү менен өз добушун берет деп ишенем – деди.
____________________________________
Партия «Ишеним»: Бишкек – город Единства, Развития и Законности!
10 марта политическая партия «Ишеним» презентовала свою предвыборную программу «Бишкек – город Единства, Развития и Законности!».
После приветственного слова председатель городского отделения партии «Ишеним» Азамат Дороев подробно рассказал о программе партии. В ней приоритетом ставится экономическое, социальное развитие города и охрана окружающей среды.
Основные проблемы города: привлечение инвестиций, общественный транспорт, экология, инфраструктура. Важно, что программа партии «Ишеним» дает конкретные пути решения обозначенных проблем.
Председатель городского отделения партии «Ишеним» Азамат Дороев добавил, что на выборы в городской кенеш идет с очень сильной командой профессионалов, которые ранее не занимали никаких политических должностей и не были вовлечены в большую политику:
– Если мы победим на выборах городского кенеша, то обязательно пойдем на кардинальные реформы. Мы – партия народная, вышедшая из народа. В наших рядах собрались простые в то же время настоящие профессионалы своего дела. Многих наших кандидатов простой народ сам выдвинул.
Еще один кандидат, который идет в списке партии «Ишеним», – известная певица Жайнагуль Калчаева – пожелала, чтобы выборы прошли прозрачно:
– Последние 30 лет депутатов мы видели только на выборах. В остальное время мы не знаем, чем они занимаются, что делают для народа. Последнее время в нашей стране происходят большие изменения. Я думаю, прошло время тех, кто опирался только на свои деньги и использовал депутатский мандат в личных интересах. И верю, что на выборах в городской кенеш наш народ не поддастся на подкупы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев