Мен дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан эл аралык иш-чараларда ар дайым мөңгүлөрдү сактоого чакырып келем. Ошол эле Глазгодо өткөн
Глобалдык саммитте, Дубайдагы COP-28 жана Бакудагы COP-29да, БУУнун жогорку трибунасынан дагы мөңгүлөрдү сактоо керектигин белгилегенимди билесиздер. Кореяга болгон расмий сапарымда да бул сөздөрдү айттым.
Анан Кореядан учакта келе жатканда бир көрүнүшкө туш болуп (төмөндө тиркелген видео), телефонума тартып койдум. Бул жаныбызда учуп бараткан учактан бөлүнүп чыккан керосиндин калдыктары. Капкара түтүн тоолордун чокуларына, мөңгүлөргө конууда. Ооба, биз бараткан учактан деле ушундай уулуу калдыктар тарап, мөңгүлөрдүн үстүнө түшүүдө.
Муну менен климаттын өзгөрүүсүнө, дүйнө жүзү боюнча мөңгүлөрдүн кыскарышына бардыгы эле айтып келгендей завод, фабрика же эски унаалардан чыккан газдар эле эмес, учактар да катуу таасир этерине көңүлүңөрдү бургум келет.
Бир топ өлкөлөр бак-дарактарды тигип, эски унааларга чектөө киргизип, аракет көрүшүүдө. Мисалы биз эле жыл сайын өз күчүбүз менен тоо боорлоруна 7-8 млн көчөт отургузуп жатабыз. Бирок учактардан абага чыккан зыяндуу калдыктарды кескин азайтуунун үстүндө иш алып барбасак, башка аракеттерибиз сезилерлик болбойт.
Сөзүм ынанымдуу болушу учун бир аз жөнөкөй статистика.
Учууларга байкоо салган дүйнөлүк сервис FlightRadar24 маалыматына ылайык, 2023-жылдын 19-июлунда бир суткада учактар 253 328 жолу абага көтөрүлгөн.
Ал эми 2024-жылы 19-июлда бир сутка ичинде 275 690 учуу катталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 22 362 учууга көп.
Мисалы, сентябрда Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын иш-чарасына Airbus A320 (бул орточо көлөмдөгү жана дүйнө жүзүндө кеңири тараган учактардын бири) учагы менен барып келдик.
88 тонна 459 кг авиа керосин куюлуп анын 70 тонна 763 кг сарпталды. Ал жака барып кайра Бишкекке кайткан аралык 22 948 км түздү. Барып келгенге кеткен убакыт 28 саат 23 мүнөт.
Бул аралыкта 3 тонна 323 кг СО2 (уулуу көмүр кычкыл газы) атмосферага чыгарылган.
Эми элестеткиле бир учак эле бир суткадан бир аз ашык убакытта үч жарым тоннага жакын уулуу калдыктарды абага чачып жатса, суткасына дүйнө жүзү боюнча орточо 200 миң учак көтөрүлгөндө канчалаган уулуу калдыктарды чачып жатат?
Дүйнө жүзү боюнча 2023-жылы 312 млн тонна, 2024-жылы 335 млн тонна авиакеросин сарпталган.
Тонналаган уулуу калдыктар тоолорго, мөңгүлөргө барып түшүүдө да.
Ошондуктан дүйнөлүк коомчулукту, айрыкча триллиондогон доллар акча каражататрын климатты сактоого деп которуп жаткан бай мамлекеттерди бир гана жашылдандырууга эмес, учактардан бөлүнгөн уулуу калдыктарды азайтуу багытында иш алып барууга чакырат элем.
Мындан тышкары дүйнө жүзү боюнча согуштарга, конфликттерге эмне деген эбегейсиз, сан жеткис суммадагы долларлар курал-жарактарга сарпталууда?!
Ушул каражаттарды учактар климатка терс таасир этпегидей кылууга жумшашса жакшы болмок.
Ошондуктан учак чыгарган олколор дуйнолук климаттык фонд менен биргеликте Авиакеросин менен эмес, балким күн нурунан же электр кубаттагычы менен уча турган альтернативдүү варианттарды колдонууга өтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн үстүндө иш алып баруу зарыл деп эсептейм.
*******
Что влияет на активное таяние ледников?
На всех международных мероприятиях, связанных с изменением климата, я неизменно призываю к сохранению ледников.
Вы знаете, что эту тему я поднимал на Глобальном саммите в Глазго, на конференциях COP-28 в Дубае и COP-29 в Баку, а также с высокой трибуны ООН.
Во время официального визита в Корею я также говорил об этом.
Возвращаясь из Кореи на самолёте, я стал свидетелем одного явления (видео прилагается). На телефон я снял, как из летевшего рядом самолёта выбрасывались остатки керосина. Чёрный дым оседал на вершинах гор и ледниках. Очевидно, что и наш самолёт выделял такие же токсичные выбросы, оседавшие на ледниках.
Этим я хочу подчеркнуть, что на изменение климата и сокращение ледников во всём мире влияет не только выброс газов с заводов, фабрик и старых автомобилей, как многие утверждают, но и самолёты оказывают значительное воздействие.
Многие страны предпринимают усилия: высаживают деревья, вводят ограничения на использование старых автомобилей. Например, только мы ежегодно высаживаем 7–8 миллионов саженцев в горных районах. Однако без кардинального сокращения вредных выбросов самолётов эти усилия будут недостаточно эффективны.
Для убедительности приведу немного простой статистики.
По данным мирового сервиса отслеживания полётов FlightRadar24, 19 июля 2023 года в течение суток самолёты совершили 253 328 взлётов. А 19 июля 2024 года — уже 275 690 взлётов, что на 22 362 больше, чем годом ранее.
Пример:
на заседание Генеральной Ассамблеи ООН в Нью-Йорке в сентябре мы летали на Airbus A320
(один из самых распространённых средних самолётов в мире). Было заправлено 88 тонн 459 кг авиатоплива, из которых израсходовано 70 тонн 763 кг. Общая дистанция пути туда и обратно составила 22 948 км, а продолжительность полёта — 28 часов 23 минуты. За это время в атмосферу было выброшено 3 тонны 323 кг углекислого газа (CO2).
Теперь представьте:
только один самолёт за чуть более суток выбрасывает около 3,5 тонн вредных веществ в атмосферу. А если ежедневно по всему миру взлетает около 200 тысяч самолётов, какое огромное количество углекислого газа оказывается в воздухе?
По всему миру в 2023 году было продано 312 миллионов тонн авиатоплива, а в 2024 году — уже 335 миллионов тонн. Тонны токсичных веществ оседают на горах и ледниках.
Поэтому я призываю мировое сообщество, особенно богатые страны, которые переводят триллионы долларов на сохранение климата, заниматься не только озеленением, но и работать над сокращением выбросов токсичных отходов от самолётов.
Кроме того, огромные, практически неисчислимые средства тратятся на войны и вооружённые конфликты. Эти ресурсы можно было бы направить на минимизацию негативного воздействия самолётов на природу.
Я считаю, что страны-производители самолётов совместно с мировым климатическим фондом должны работать над расширением возможностей перехода на альтернативные варианты — например, использование энергии солнца или электрических аккумуляторов вместо авиакеросина.
*******
What causes the accelerated melting of glaciers?
At all international events related to climate change, I consistently call for the preservation of glaciers.
As you know, I raised this topic at the Global Summit in Glasgow, at the COP-28 conferences in Dubai and COP-29 in Baku, as well as from the high podium of the United Nations.
During my official visit to Korea, I also spoke about this.
On my way back from Korea on a plane, I witnessed an event (video attached). I recorded on my phone how a nearby aircraft was dumping leftover kerosene and fuel. Black smoke settled on mountain peaks and glaciers. It is evident that our plane was also emitting similar toxic substances, which settled on the glaciers.
With this, I want to emphasize that climate change and the global reduction of glaciers are not only influenced by emissions from factories, plants, and old vehicles, as many claim, but airplanes also have a significant impact.
Many countries are making efforts: planting trees, imposing restrictions on the use of old vehicles. For instance, we alone plant 7–8 million seedlings annually in mountainous areas. However, without a drastic reduction in harmful airplane emissions, these efforts will not be sufficiently effective.
For persuasion, let me share some simple statistics.
According to the global flight tracking service FlightRadar24, on July 19, 2023, airplanes conducted 253,328 takeoffs in a single day. On July 19, 2024, that number had increased to 275,690 takeoffs—22,362 more than the previous year.
For example, during our trip to the United Nations General Assembly in New York in September, we flew on an Airbus A320 (one of the most commonly used medium-range aircraft worldwide). The aircraft was loaded with 88 tons and 459 kilograms of aviation fuel, of which 70 tons and 763 kilograms were consumed. The total round-trip distance was 22,948 kilometers, and the flight duration was 28 hours and 23 minutes. During this time, 3 tons and 323 kilograms of carbon dioxide (CO2) were released into the atmosphere.
Now imagine: a single aircraft emits around 3.5 tons of harmful substances into the atmosphere in just over a day. If approximately 200,000 planes take off daily around the world, consider the enormous volume of carbon dioxide released into the air.
Globally, 312 million tons of aviation fuel were sold in 2023, rising to 335 million tons in 2024. Tons of toxic substances settle on mountains and glaciers.
This is why I call on the global community, especially wealthy nations that allocate trillions of dollars for climate preservation, to focus not only on afforestation but also on reducing toxic emissions from airplanes.
Moreover, vast, practically incalculable resources are spent on wars and armed conflicts. These resources could be redirected toward minimizing the negative impact of airplanes on nature.
I believe that aircraft manufacturers, in collaboration with the global climate fund, should work to expand the transition to alternative options—such as using solar energy or electric batteries instead of aviation kerosene.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 12