Импортерлор менен өндүрүүчүлөр алкоголдук продукцияларга акциздерди кайра чаптоо мөөнөтүн алты айга узартуу өтүнүчү менен мага жана салык кызматына кайрылышты.
Алкоголдук продукцияларда акциздик маркаларды алмаштыруу мөөнөтү узартылбайт.
Бул мүмкүн эмес.
Анткени менин тапшырмам менен тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер эки жылдан бери акциздик маркаларга байланыштуу, ар кыл көмүскө схемаларды жоюунун үстүндө иш алып барышты.
Азыр “Учкун” басмаканасы жогорку деңгээлдеги коргоо элементтери менен акциздерди басып чыгарууда.
Эмне үчүн мамлекет акциздерди өзү чыгарып баштады?
Анткени буга чейин акциздер чет мамлекеттерден алынып келип, биринчиден, жасалмалоого оңой болсо, экинчиден, Салык кызматындагы коррупцияга кынык алган айрым кызматкерлерге акциздерди чаптабай туруп, өзүлөрүнө алкоголдук продукциянын керектүү санын көрсөтүүгө ыңгайлуу болуп келген.
Башкача айтканда, жасалма же контрабанда жолу менен кирген продукциялар сатыкка чыгып келген. Натыйжада миллиарддаган каражаттар казынага түшпөй калып жаткан.
Кечээки Салык кызматынын айрым кызматкерлеринин укук коргоо органдары тарабынан кармалып жатышынын бир себеби дагы дал ушуга окшогон схемаларга байланыштуу болуп жатат.
Ишкерлердин тынчсыздануусун дагы түшүнүп турабыз. Ооба, алар буга чейинки чыгарылган продукцияларына акциздик маркаларды чаптап коюшкан. Аларды кошумча чыгымга кептебеш үчүн ошол эле продукциялардагы эски акциздин үстүнө “Учкундан” чыгарылган акциздер мамлекет тараптан акысыз чапталып берилет. Эски продукцияларга акциз чаптоодо бизнесмендердин чөнтөктөрүнөн бир тыйын кетпейт.
Муну бүгүн тыйбай, дагы алты айга уруксат берсек, алты айда алты миллиард акча каражаты мамлекетке түшпөй калат. Бул каражаттар кайра эле айрым салыкчылар менен айрым ак ниет иштегиси келбеген алкоголдук продукцияны импорттоочулар менен өндүрүүчүлөрдүн чөнтөгүнө гана түшөт.
Андай болбойт!
Ал эми жаңы чыгарылган продукцияларга болсо жалаң жаңы акциздер чапталмакчы.
Мындан ары өлкөдө бир гана "Учкундан" басылып чыккан акциздер болот.
*****
Мой ответ на обращение импортеров и производителей алкогольной продукции:
Импортеры и производители обратились ко мне и налоговикам с просьбой продлить срок замены акцизов на алкогольную продукцию на шесть месяцев.
Срок замены акцизных марок на алкогольной продукции не будет продлен.
Это невозможно.
Причина в том, что по моему указанию соответствующие органы последние два года активно работали над устранением различных теневых схем, связанных с акцизными марками.
На данный момент акцизные марки с высокоуровневыми элементами защиты печатаются в типографии "Учкун".
Почему государство решило самостоятельно выпускать акцизы?
Во-первых, ранее акцизные марки привозились из других стран и было легко подделать, а во-вторых, некоторые сотрудники налоговой службы, замешанные в коррупционных схемах, использовали возможность не наклеивать акцизы, а просто показывать нужное им количество.
Иными словами, товары, поступившие через контрабанду или с поддельными акцизами, поступали в продажу. В результате миллиарды средств не поступали в государственную казну.
Одной из причин вчерашнего задержания ряда сотрудников налоговой службы правоохранительными органами стали разоблаченные схемы подобного рода.
Мы также понимаем беспокойство предпринимателей.
Да, они наклеили акцизные марки на продукцию, выпущенную до вступления в силу новых правил. Чтобы не создавать дополнительных расходов для бизнеса, на эти товары за счет государство бесплатно будут наклеены новые акцизные марки, изготовленные типографией "Учкун", поверх старых марок. При наклеивании акциза на старую продукцию из карманов не уйдет ни копейки.
Если мы не примем меры сегодня и дадим еще шесть месяцев разрешения, за эти шесть месяцев государство недополучит шесть миллиардов сомов. Эти средства окажутся в карманах некоторых налоговиков, а также импортёров и производителей алкогольной продукции, которые не стремятся работать честно.
Так не получится!
Что касается новой продукции, то для неё будут использоваться исключительно новые акцизные марки.
С этого момента в стране будут использоваться только акцизы, выпущенные типографией "Учкун".
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 14