Буга чейин жергиликтүү кеңештерге үгүт өнөктүгү башталардын алдында сиздерге видео кайрылуу жасап, анда алдыдагы шайлоонун маанилүүлүгүнө токтолдум эле.
Бул жолу соцтармактагы баракчам аркылуу дагы бир ирет сиздерге кайрылууну туура көрдүм.
Азыр шайлоолор мурункудай эмес.
Мурун кандай болгонун баарыңыздар эле менден жакшы билесиздер.
“Карусель” дегенди колдонуп, бюллетендерди таңгактап урнага таштаган учурлар болгон.
Азыр анын бири жок.
Баардыгы автоматташтырылган.
Бишкекте же облустардын борборунда туруп ар кыл айылдардагы өздөрүнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлай алышат.
(БШК белгилеген тартипте аралыктан шайлайм деп 6-ноябрга чейин катталып койгондор үчүн)
Бир шайлоо тилкесинен бир добуш берип, анан кайра башкасына бара коюп добуш берем деген “карусель фокустар” өтпөйт.
Санарип системасы тигил же бул жаран кайсыл шайлоо тилкесинен добуш бергенин дароо көрсөтүп коёт.
Өлкө боюнча баардык шайлоо тилкелеринде видеобайкоо камералары коюлган.
Алар БШКнын башкы имаратынан түздөн-түз көрүнүп турат.
Кыскасы, добуштар уурдалат, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланат дегенге кыпындай да негиз жок.
Мунун баары эмнеге жасалып жатат?
Элибиздин эң башкы конституциялык укугун ишке ашыруусун камсыз кылуу үчүн жасалып жатат.
Шайлоолордун чоң, кичинеси болбойт.
Жергиликтүү эле кеңештердики деп жээрибеңиздер.
17-ноябрда шайланып келген депутаттар биринчилерден болуп эле жер-жерлерден Элдик Курултайдын делегаттарын шайлашат.
Андыктан Элдик Курултайдын курамдык сапаты сиздер шайлай турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан көз каранды болот.
Курултайда кайсыл гана маселе болбосун көтөрүп чыга алышат.
“Сөз эркиндиги жок, бизге кысым болууда” деген айрым “журналист сымалдар, блогер сымалдар” бар.
Ошолорго айтаарым:
өзүңүздөрдүн аймактан, шаарлардан, айылдардан Курултайга делегат болуп шайланып келиңиздер.
Өзүңөрдүн эл алдындагы аброюңарды көрсөтүп, бийликке карата каалаган суроолоруңарды бериңиздер.
Биз силерден кача турган суроо жана маселе жок.
“Дүжүр Курултай болду же дүжүрлөр шайланып келишти” деген сөздөрдү кайталабаш үчүн бийликке нааразы болгон “блогерлер, журналисттер, активисттер, акылдуу сымалдар”, Элдик Курултайга шайланып келип, болгон суроолоруңарды узатып, ой-пикирлериңерди, дооматтарыңарды түз эфирде ачык айтыңыздар.
Курултайдын делегаттарын шайлоого бийлик, мамлекеттик түзүмдөр кийлигишпейт.
Элдик Курултай бул бийлик менен элдин ортосундагы диалог.
Мындан артык дагы кандай диалог керек силерге?
Өткөн Курултайларда айтылган көйгөйлөрдү чечип келе жатабыз.
Ошол эле мектеп, бала бакча, турак жай маселелери айтылган.
Бул багытта кандай иштер аткарылганын жана аткарылып жатканын билесиздер.
Бул айылда, тигил шаарда жол начар, ал жок, бул тартыш дегендердин баардыгына көңүл буруп, аткарып келе жатабыз.
Дагы бир жолу кайталайм, Курултайда делегаттар каалаган маселесин көтөрө алат.
Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет.
Каалаган сөзүңдү ачык айта бер.
Элдин баары эле айтып атат.
Эч кимге тыюу жок.
(Азаттык, Кактус, Политклиника, Клооп сыяктууларга тиешелүү)
Болгону жалган айтпа, бирөөгө курулай жалаа жаппа, жеке абройуна шек келтирбе.
Элди козуткан жалган маалыматтарды таратпа.
Европа жана Америка өлкөлөрүнөн “качкын” макамын алыш үчүн өз өлкөңдү, өз элиңди жамандаба.
Эми жыйынтыктап айтсам, 17-ноябрдагы шайлоолорго активдүү катышыңыздар!
Андан кийин Элдик Курултайдын делегаты болууга аракет кылыңыздар жана делегат болуп келип, элди түйшөлткөн, элге пайда бере турган маселелерди көтөрүңүздөр.
Биз аткарууга даярбыз.
****
Уважаемые кыргызстанцы!
Ранее, перед началом предвыборной кампании в местные кенеши, я обращался к вам с видеообращением, в котором говорил о значимости предстоящих выборов.
На этот раз я решил ещё раз обратиться к вам через свою страницу в соцсетях.
Сейчас выборы проходят совсем не так, как раньше. Вы и без меня знаете, как это было раньше.
Бывали случаи, когда использовали «карусель», паковали бюллетени и вбрасывали их в урны.
Сейчас ничего такого нет.
Всё автоматизировано.
Из Бишкека или из областного центра можно голосовать за депутатов местных кенешей в различных сёлах (для тех, кто зарегистрировался для дистанционного голосования до 6 ноября в установленном ЦИК порядке).
Теперь такие фокусы, как проведение «каруселей», когда с одного участка голосовали и шли на другой, не пройдут.
Цифровая система сразу покажет, на каком участке проголосовал тот или иной гражданин.
Во всех избирательных участках страны установлены камеры видеонаблюдения.
Они транслируются напрямую в центральный аппарат ЦИК.
Иными словами, нет ни малейшего повода думать, что голоса украдут или результаты выборов будут сфальсифицированы.
Зачем всё это сделано?
Для того, чтобы обеспечить реализацию нашего главного конституционного права.
Не бывает больших или малых выборов.
Не игнорируйте выборы в местные кенеши.
Депутаты, которые будут избраны 17 ноября, одними из первых выберут делегатов Народного Курултая.
Таким образом, качественный состав Народного Курултая будет зависеть от депутатов местных кенешей, которых выберете вы.
На Курултае можно поднимать любые вопросы.
Некоторые «псевдожурналисты и псевдоблогеры» говорят, что нет свободы слова, что на них оказывается давление. В ответ я хочу сказать: избирайтесь делегатами Курултая от своего района, города, села.
Покажите своё уважение перед народом и задавайте власти любые вопросы.
У нас нет вопросов и проблем, от которых мы бы уклонялись.
Чтобы избежать разговоров о «дежурном Курултае» и избранных «дежурных» делегатах, всем тем «блогерам, журналистам, активистам, умникам», которые недовольны властью, — избирайтесь делегатами Народного Курултая и задавайте любые вопросы, высказывайте мнения и критику в прямом эфире.
Власть и государственные структуры не будут вмешиваться в выборы делегатов Курултая.
Народный Курултай — это диалог между властью и народом.
Какой ещё диалог вам нужен?
Проблемы, обозначенные на прошлых Курултаях, мы решаем. Озвучивались вопросы по школам, детским садам и строительству жилья. Вы знаете, какие работы проводятся и уже проведены в этом направлении.
На всё, включая жалобы на плохие дороги, отсутствие инфраструктуры и другие вопросы, мы обращаем внимание и работаем.
Ещё раз повторю: на Курултае делегаты могут поднять любые вопросы.
Свобода слова в Кыргызстане была и будет. Говорите, что хотите, открыто.
Все говорят. Никто никому не запрещает (это касается «Азаттыка», «Кактуса», «Политклиники», «Клоопа»).
Главное — не лгите, не наговаривайте на других, не порочьте чью-то честь.
Не распространяйте ложную информацию, подстрекающую народ.
Не очерняйте свою страну и народ ради получения статуса «беженца» в странах Европы и Америки.
Итак, подведу итог: примите активное участвуйте в выборах 17 ноября!
После этого постарайтесь стать делегатами Народного Курултая и поднимайте вопросы, которые волнуют народ и принесут ему пользу.
Мы готовы работать.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 13
Бар болуңуз.
- Туп туура 4 жыл мурда ушул күнү, 2020-жылы 2-декабрда, премьер-министр, КР президентигине талапкер Садыр Жапаровго жолукканымдан жана сүйлөшкөнүмдөн кийин эртеси, 3-декабрда, “Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигимди президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун пайдасына алып коюп жатамын» деп БШКга арыз жазганмын.
Ошондо суроолорго жооп берип жатып, «Садыр иним камалып түрмөдө жаткандан бери, аны бошотууну талап кылып сотторуна, митингдерде катышып, ошол кездеги президентке жана спикерге, ырайымдуулук берүү комиссияга чейин жеке жана ЭрК партиясынын атынан кайрылып жүргөнүмдөн бери колдоп келип жатып, ошону менен кошо президенттик шайлоодон алдын түзүлүп калган элдин басымдуу көпчүлүгүнүн пикирин урматтап жана шай...ЕщёСҮРӨТ - Турсунбай Бакир уулу: "Жапаров экөөбүздүн программабыз окшош, ошон үчүн экөөбүз тең элге чыкпайлы дедим" https://nazarnews.org/posts/surot-tursunbai-bakir-uulu-zhaparov-ekoobuzdun-programmabyz-okshosh-oshon-uchun-ekoobuz-ten-elge-chykpaily-dedim
- Туп туура 4 жыл мурда ушул күнү, 2020-жылы 2-декабрда, премьер-министр, КР президентигине талапкер Садыр Жапаровго жолукканымдан жана сүйлөшкөнүмдөн кийин эртеси, 3-декабрда, “Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигимди президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун пайдасына алып коюп жатамын» деп БШКга арыз жазганмын.
Ошондо суроолорго жооп берип жатып, «Садыр иним камалып түрмөдө жаткандан бери, аны бошотууну талап кылып сотторуна, митингдерде катышып, ошол кездеги президентке жана спикерге, ырайымдуулук берүү комиссияга чейин жеке жана ЭрК партиясынын атынан кайрылып жүргөнүмдөн бери колдоп келип жатып, ошону менен кошо президенттик шайлоодон алдын түзүлүп калган элдин басымдуу көпчүлүгүнүн пикирин урматтап жана шайлоо программаларыбыздын окшоштугун эске алып БШКга Садыр инимдин пайдасына талапкерлигимди алып салдым» деп жооп бергенмин.
Ал саясий чечимиме бүгүн да өкүнбөймүн. Садыр Жапаровдун жасаган иштеринин 90 % менин оюмдай жүрүп жатат, элге да жагып жатат. Калган 10 % бул - казинолордун ачылышы, кадр саясаты жана башында сүйлөшкөндөй Өкмөттү өзү башкаруу керек эле. Калган иштеринде калет жок.