Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Орусиянын Красноярск шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча «Иван Ярыгин-2017» гран-при мелдешинде жеңүүчү болду. Орусиянын күрөш федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалда орусиялык Вероника Чумикованы 13:3 эсебинде утуп алды. Бул салмакта коло байгелер жапониялык Ханаи Акие жана монголиялык Энкхбат Гантуяга буюрду.
Финалдык таймашка чейин Тыныбекова алгачкы беттешинде орусиялык Мария Матюшенкону таза жеңип, чейрек финалда дагы бир орусиялык Екатерина Вьюнованы 10:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалда монголиялык Гантуя Энкхбат менен күч сынашып үчүнчү мүнөттө далысын килемге басып, таза жеңишке жеткен.
«Иван Ярыгин-2017» гран-при мелдеши 29-январга чейин уланат. 17 өлкөдөн чогулган спортчулар медалдардын 16 комплекти үчүн ат салышат.
Бул турнирге Айсулуу Тыныбекова менен кошо дагы 10 балбан кыздан турган кыргызстандык курама команда күч сынашууга барган. Алардын арасынан 48 килограммга чейинки салмакта Мадина Надырова жарым чейрек финалда казакстандык Ирина Борисовага жеңилип, мелдештерин жыйынтыктады.
Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарынан кийин эл аралык мелдештерге катыша элек болчу. Аталган Олимп оюндарында Тыныбекова коло байге үчүн беттеште индиялык Малик Сакшиге утулуп 5-орунду алган. http://www.azattyk.org/a/28263239.html
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев