эмнеге койнун бизге шунча кенен?
энсешип сенден чон байлык-бакыт,
эл-журттум сага келет эзелтеден.
эчен жыл илгери жаштык кезимде,
ээлирип мен да сага жетип келгем.
эл жеринде жашоо бакыт экенин
эх кантейин жылдар карып билгем.
эл жеримди аябай сагынсам дагы,
эзилип кучагындан чыкпай келем.
эртенки кундорумду эске салсам,
эмне болот деген ойго чогуп кетем..
кучагын келгиндер учун кенен экен,
кун тун отот танды кеч иштей берген.
кыйындыктын баарына баш ийдирип,
кыялдарга сен мингизип койгон белен?
коз жашка ишенбесинди билсем деле,
коодондогу кусадан жаш того берем,
кормоксонго саларынды билсем деле,
кокуроктогу ойлорумду жазып келем..
кочолордон жердештерди коргонумдо
козум албай аларды мен карай берем..
коруп журом канча сынга кабылгандар.
куноолусунбу сен баарына ээ Россия???
коп суроо жообун бирок таппай келем..
Канчалаган тагдырларды талкаладын,
канчалардын омурлорун алып тындын.
кол кармашып келишкен жубайларды,
коз ирмемде эч ойлонбой ажыраттын.
колдоруна бийлик байлыкты карматып,
койкондотуп кээ бироону жыргаттын...
карайлап айласыз алсыз сен жандарга.
кандай кана жумуштарды жасатпадын.
калтыртып бала-чакасын алган жарын
канчалаган уй-булоолорду адаштырдын.
кор кылып сен кайран кана омурлорду,,
койнун ачып мынча бизди сен алдадын?
Тойбой сутко калды канча наристелер,
тебеленди канчалаган кыз-келиндер..
тегин ата журтун ким экенин билишпей,
тарбия жок осуп жатат жеткинчектер..
таттуу суйлоп акча колго берип койсо,
турлуу улутту ээрчип кетишти перилер
туркун сенин кумарларына азгырылып,
турмоно тушту кырчын канча жигитер..
тугонбогон сенден байлык жыйам деп
тугойсуз картайышты жаш селкилер..
тилегенин сенин деги эмне ээ россия
деги качан бизде токтойт келгиндер??
Туманында ээ россия калгандайбыз?
туулган жерди сагынып кайтпайбыз?
турмушту куноологон менен ичтен,,,
тузагына сенин ооба чалынганбыз..
туздай ачу армандарга малсан деле?
тушунбоймун неге сенден качпайбыз?
туткунуна кыялдардын биз багынып,
турмуштагы жолдордон адашканбыз.
туболукко бул жалганда калбаган сон?
тушунуп сезимдерди эч тыншабайбыз?
тапсак деле сенден чон бакыт-байлык,
тууруна коно албаган биз куштайбыз..
Ээ россия россия бир боор энем ,
энелешип минтип элим сени калган.
эч аянбай бизге кучагын ачкан менен.
эзилип сен суйбойсун билем жалган,,
эркелетип белектерди берсен деле?
эчендеген кызыктарды сунсан деле?
ээ росия биз сен учун манкуртайбыз,
энесин тааныбай акылынан адашкан.
эртээрек ойлонолучу кыргыз элим,,,
эртен бироо чыга электе жааны сунган
ээ россия россия бир боор энем
эмне максат менен бизге койнун кенен?
Табихаты бейиш болгон Кыргызстан,
тапкан сени бул омурго кимге жалган.
тапкан эмес баккан энен дешкендей,
тагдыр жолду озундон мен улап жатам
таалайлуу озумду бийик сезген менен,
таш болуп сезимдерим катып калган..
табышмактуу омурлорду биз откоруп,
таптык эмне биз россиянын кучагынан?
тун киргенде бет кабымды чечип алып,
татынакай чын жузумду тиктеп карайм.
турлуу маска кийгендердин мандайында
турлуу муноз кутконумду ооба байкайм.
тун киргенде туйшук тарткан укудой,
тун ичинде ырлар жазып кубат алам.
тоту куштай жасанып жургон менен,
торгой болуп журоктон сайрай албайм.
суурдай болуп жалтырап турган менен,
сур эчкидей аскаларды мен самайм,
эн бактылуу омурлорду сургон менен,
эл-жеримсиз откон кунго капаланам..
бул турмуштан оз ордумду тапсам да,
ботон жерде эмнеге журом тан калам
барактарды толтуруп жазган менен,,,
бирок элимдин алдына окуй албайм..
байкалбай отуп кетээр аз омурумду,,
баалап суруп албай аны уурдаткам...
18.12.19
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 17