1– бөлүм...
Жаштык кезде баары кызыктуу көрүнөт туура. Алдыңда эмне күтүп жатканы менен ишиң жок баардык нерсеге керт башыңды тыгып көрөсүң. Ошондой кез менда өтүп жатты. Атадан жылгыз кыз , апамдын көз карачыгы болгондуктан эрке өстүм, барам деген жагыма барып, кийем деген кийимди кийип өзүнө ток үй бүлөөдө бапестелдим. Жаштыгым, бейбаштык, мастыгым деп, кыйынчылык көрбөгөн жаным, коркуу деген сезимдин өзү жок болгондуктан, ар дүрдүү кырдаалдарга кабылып,олутту окуяларга кезиктим. Эч нерсени ойлонбой басчу , өзүмө ишенген , алам деген несени жулуп алган кыз элем. Ошондой мезгилде мен сүйүүмдү таптым. Ал менин сүйүүм , кудум кинодо тасмасындай эле.
Жаңы эле онду бүтөөр кезде , курбу кызымдын эжесине кошулуп , эс алганы жөнөп кеткенбиз.. Ата энелерибиз ал кызга ишенип, улуу болгондуктан бизди кошуп берген эле... Бизди ээн калтырып, өзү курбу кыздары жигиттери менен кетип калышкан. Эч текени билбей туруп, бизда өз билгенибизден калбай эс алып жаттык...
––Тамчы ! Ээ Тамчы баспайсыңбы бери? Боло кетеличи кеч та кирип калды , үшүп кеттим!
––Бара бергиле , мен анан барам.
–Өзүңчө эле , сырларыңды көлгө айтып жатамын деп албагын дагын! Хе хе хе
––Ошону айтсаң Жазгүл , тиги курбушкабыз сырымды толкундарга катамын дегендейго.
––Ээ башты оорутпай жоголгуачы аары. Ааламдын сулуулугун карагылачы. Көкмөк асман, кызаарып батып бараткан күн. Күндүн алсыз кызарган нуруна чагылышып, жылтырап алмаз, жакут асыл таштай көзүңдү камыштырып, жай толкуну менен кең көл, анда ойноп жүргөн өрдөк, чулдук, жапайы газ, тээ адам жок жерлерде Ак~кууларда жүрүшөт.... Кандай гана керемет ! Теги бул сулуулукту байкабай басып кетүүгө мүмкүнбү ? Тим эле кол менен жасап койгондой. Жараткандын кудурети күч ! –деген сөзгө дагы бир жолу ынандым .
––Ай макул , сага беш кеттик , жүр эми . Бөлмөдөн терезеге олтуруп ,алып та карасаң болот экен....
––Мен ойлонумуш болуп жатамын. Хехехе
Ордуман туруп барып, курбу кыздарым Жазгүл менен Нуриланы кубалап , суу чачып бири бирибиге ойноп жаттык. Кумга жылаң аяк басып, көл жээгинде жыргап эс алдык. Кеч кирип, караңгылык каптап калганда жетелешип, күлкүбүздү тыя албай жатчу бөлмөбүзгө жетип бардык... Ыссык –Көлгө эс алганы келген элек. Ал түнү таң анарып аткыча курбулар уктабадык. Таң агарып атканда жаздыктарыбызды кучактап ,бирибиз диванда, бирибиз полдо, бирибиз керебете кулап уктап кетиппиз. .... Соннун уйку болду. Күн кечтеп, түшкү ченден өтүп калганда ,жүзүбүздү да жуубай чачтарыбыз апсайган бойдон, жүз аарчыларыбызды желкебизге асып, көл жээгине бардык... Күндүн табы дагы деле кете элек. .. Адамдын көптүгү ай ! Бут койорго жер жок. Чет жакадан келген Туристер да абдан көөп. Сары ,кара ,ак жада калса капкара жашыл өңдүү да адамдарды көрдүк. Теги бир кызыктай экен... Айланып жүрүп, бош орун таптык ,ыңгайлуу жерден. Жайланышып, бир сууга чүмкүп , сергип чыктык. Каткырып, олтурганбыз , бир кезде башыма катуу топ учуп келип тийди. Топтун каттуулугунан башым ийлип, эки көзүмөн жашым чубалып эле чыктыго. Ордуман атып турдум ,жакын жерде топтолгон боз балдар топ ойноп жатышкан болчу. Чакчая көзүмү ачып, үнүмүн болушунча бакырдым.
––Эээй ! Келесоолор ! Көзүң көзбү же жөн эле тешикпи я ? Акмактар ! Иттин гана балдары ! Кимиң урдуң ?
–– Биз деген атайлаган жокпузда. Кечирип койосуң ,топту берип койсоң ! Ээ күлбөгүлөчү ! ~деди бизге жакын турган , ак майка кийген , кара тору жигит.
––Топ керекпи ?
–Ооба керек. Жаман ачууландыңго.!
–Керек болсо алып кет. Как баш !
–Чоң кыз , жөн эле берип койда , тилиң башыңа жетпесин!
––Оойии жүрөгүм түшүп калды . Мына сага ! Топту көлгө ыргытып жибердим ! Күчүмүн жетпешини , колуман эч теке келбешини сезип, өчүмү ошентип алгым келди....
––Ии дессе , даннасыңго !
––Ырас болуптур !
Жанатан бери каткырып турган топ балдардын ичинен узун ак жуздү бала , жаныма жай басып келип ;
–– Ошончо орундук турса , тапкан жериңерди карагыла ! Отурбайсыңарбы тетиги жакка ! Тийетта анан , иштебеген башыңды жулуп кетпегенине сүйүнсөң боло ! Же атайлап отурдуңарбы , бизге көрүнүү үчүн!.
––Эй оозуңа карап сүйлөчү ! Силер эмне өзгөчө белеңер , мынча асмандан сүйлөйсүң , топту түз теппейт белең ! Же буттуң кыйшыкпы ? Силердей балдар бизди кызыктырбайт !
–– Сөздүн жетиши да оор окшойт ! Күзгүгө көрүндүң белең өзү ?
Аа деп сөз ачаарда Жазгүл жаагымды жаап койду...
Мени кыя өтүп, суудан топту алып , балдарга барды.
––Кеттик башка жерге барабыз.
––Эй Тимо ойной бербейлиби доске !
––Болбойт дедимби ? Тигилерди көрүп ойногуң келип жатабы ,кеттикчи тээтиги жакка!
––Акмак карагылачы сүйлөгөнүнү ! Азыр барып урушамын !
––Эй олтурчу ,дагы бир балеенин үстүнөн чыкпайлы анан. Болушаарга эч кимда жок бул жерде. Өлбөйлү ошончо балдардын арасында. Жөөн эле кетели аа , тим кой сүйлөнүп кетет та аары. ?! Ким эле алар ?– деди Жазгүл.
––Туура отура берчи укпагандай эле. Жазгүл туур айтат–деп коштоп кетти Нурила.
––Көрөт элем силерди да ,мага окшоп башыңарга топ жегенде. Теңине албай , өпкөсүн кагып сүйлөгөндө. Эч теке болгон жоксуңарда ошого олтурасыңар. «Эч теке болбойт деп»
––Эй макулчу эми.
–Уф отура бергилечи ! Өзүңөр эле.
Тура калып, адатымча көгөрүп , жата канага басып кеттим. Артыман басып та келишпеди курбу кыздарым. Керебетимде ойлуу жатып, уктап кетипмин. Кечинде турсам, дагы деле жок курбу кыздарым. Тамактанганы туштум. Жатакананын жанында кафе бар болчу. Жакынырак ошол жерге бара калдым. Келген меймандарды Тейлеп шыпылдап жүргөн балдар. Бирөөсү мага да келди , жылмайып, сылык сыпаалык менен:
–Саламатсызбы ? Келиңиз тетиги орундук бош экен. Кандай дейсиз ? Же ичкериге киресизби ?
–Жок, ырахмат. Эң мыкты орундук экен. Ырахмат.
Орундукка олтура кеттим. Аңгыча курбу кыздарым да кирип келишти.
–Ой сени арааң таппадыкпы ? Ушул жакта белең ?
–Ооба ,кыйраттыңар ! Издеп чарчапта калыпсыңар !
–Ай болдучу ,жок нерсеге таарына бербей. Андан көрө биздеги жаңылыкты уксаң. Күндө кечинде те жолдун арт жагындагы бүтпөй калган тамдын астында диско тека болот экен. Азыр кеттик ошол жакка. Таң аткыча болот деп уктук. Кыздарга акысы–ыыз урее–ееее !
–Төрт кошкон адамдардын арасында кантип бийлейбиз?
––Ээ ошонусу кызыкта ! Тааныбайт эч ким олло бийлейбиз! Бир кумадан чыгалы.
Соннун шаардан келген балдар да бар экен. Супсулуу . Бирден илип алып кетебиз.
––Макул анда кеттик. Бирок?....
–Эмне бирок ? – деди Нурила.
––Мен тартынамын да. Анан үчөбүз эч кимге кошула албай чекеде турабызбы ?
––Турбайбыз да ,аралашып бийлей беребиз.
––Анда мындай кылабыз, мага бир ой келди... Бир бөтөлкөдөн сыра ичебиз. Кызып алып, өлөсө бийлейбиз. Менин сөзүм курбуларыма майдай жакты. Эки колдоп коштошуп, шаңдуу күлүп тамак жеп олтурдук.
Тамактанып бүтүп, жата канага барып, кийинип, чачыбызды түрмөктөп, диско текага бет алдык. Шагырашып жаштардын баары көчөдө. Эки экиден колтукташып, бир бурчта төртө бешө болуп олтурганы да көп. Шаарда өсүп, чоңойгон биз курактуу окуучулар менен биздин аң сезимибиз, тегеле жүрүм турумубуз эки бөлөк туура. Дароо эле билинип калып жатты. Айылда эң алдыңкы , жолубузга эч кимди кыя чыгарбаган кыздар биз элек. Биз үчөбүз ээрчишип жүргөндө айылдагы балдар, кыздар да суктанышып карашып калаар эле. Бул жерде бизге көңүл буруп караган эч бир жан жок....Жакынкы дүкөнгө барып, үч бөтөлкө сыра алдык. Айлана чөйрөдө толгон эл. Эмне кылууну билбей, аары басып, бээри басып та бир калгалуу орундук таба албадык.
––Эй шагыратып бөтөлкөнү көтөрүп жүрө беребизби эми ?
––Анда эмне ушунча элдин көзүнчө ичелиби ?
––Караңгыда бизди ким таанымак эй Тамчы ?
––Эээй Кыздар ! Мен де бир ой бар , жүргүлө андан көрө, тетиги диско текадагы кыздардын ажатканасына кирип ичип , анан чыгабыз.–деди Жазгүл..
––Макул кеттик анда. Ме Нурила сен көтөрүп алчы , сен шагыратпай көтөрөт экенсиң.
Үчөбүз ал жерге бат эле жетип бардык.
Ооздо күзөтүп турган эки жигит алдыбызды тороп калбаспы.
––Кыздар ,тиги баштыгыңар менен кирбейсиңер . Эмне бар ичинде .
––Эмнеге кирбейбиз ?Ичинде сыра бар.
––Сырттан ичкериге эч теке алып кирилбейт. Сыра бизде да сатылат. Кааласаңар кирип, алып иче бергиле.
Темселеп, үчөөбүз сыртта калдык.
Бүтпөй калган тамдын артына өтүп алып, бөтөлкөлөрдү бирден ачып, көзүбүздү жумуп алып, иче баштадык.... Бирден көтөрүп, ичип алып, анан да күчтүү сыра экен, күлкүбүздү көбөйтүп, буттарыбызды шалдыратып койсо. Тим эле буттарым чалышып мага моюн бербейт... Акылыбыз жайында да . Бири бирибизди көрүп, боорубуз эзилип, жыгылганча күлдүк...Ээрчишип, түнкү он экиде диско текага кирип кеттик... Ичи толо жаштар. Бирө бирөөгө карабайт. Ар ким өзү менен өзү. Соннун бийлеп жаттык. Төрүдө бизге музыка коюп жаткан Диджей бала. Колун которуп, улам улам бийге үндөп жатты. Бир кезде Көчө бийи башталды. Тоголок болуп жаштар туруп алышып, бирден кезеги менен бийлеп, тим эле кинодогу Америкалык тарды туурап бийлешип, башы менен тегеренишип, Хип хоп, теги бардык түрүн бийлешти. Арт жактан Лезгинка бийине чыгышты, Кыргыз.жигитер тим эле өп өзүндөй секиришип, бат баттан кыймылдашып бийлеп жатышты, музыка бүтпөй жатып, Кара жорго башталды. Бирден кыздарды да тартып алып бийге , баары желкелерин тийгизип, бийлешти... Кол чабылып, кайра кулак жарган музыкалар башталды. Аңгыча биздин арабызга да эки үч бала келип кошулушту...
Алар менен тез эле тил табышып бийлеп, түнкү саат үчтөр чамасында эки экиден жетелешип, көл жээгине бет алдык. Түнкү көл жегинде , жанымдагы бей тааныш бала менен каткырып, күлүп, баратык.
Бирде жетелеше калып, бирде белимен кучактай калып , улам өзүнө жакындатып шаштымды алды. Сыра га кызып калган мен, эч темкеден коркпой , азгырылып жүрүп кетип жаттым...
(УЛАНДЫСЫ БАР)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3