*1857-жылы* Нью-Йоркто чынында аялдар иш таштаган, бирок ал текстиль жумушчулары эмес, сойкулар болгон. Ал аялдар алардын кызматын пайдаланган матросторго айлыктарын төлөп берүүлөрүн талап кылышп чыгышкан, акчасы жок матростор аларга карыз эле.
*1894-жылы 8-март күнү* Париж сойкулары демонстрацияга чыгышкан. Бул жолу алар өз укуктарын кийим тигүүчү же наабайчылардыкына теңдөөсүн жана өз тармагынын профсоюзун түзүүнүн талап кылышкан. Бул окуя Клара Цеткин сунуш кылгандай бул күндү аялдардын жана эл аралык деп жарыялоого чечим кабыл алынган *1910-жылкы* суфражисткалардын тарыхый съездинен бир аз мурдараак *1895-жылы* Чикагодо, *1896-жылы* Нью-Йоркто уланган.
Айтмакчы, Клара Цеткин өзү да ошондой акцияларды өткөрүп турган. Ошол эле *1910-жылы* өзүнүн курбусу Роза Люксембург менен бирдикте полициянын ээн баштыгын тыйууну талап кылып, Германия шаарларынын көчөлөрүнө сойкуларды алып чыккан. Бирок СССР версиясында «сойкулар» деген сөздү « *эмгекчил аялдар*» деген сөзгө алмаштырып коюшкан.
*8-мартты* эмнеге таркатышкан?
*8-март* – социал-демократтардын кадимки эле саясий иш-чарасы болсо керек. ХХ кылымдын башында бүткүл Европада аялдар нааразычылык акцияларын өткөрүшкөн. Ошол кезде өздөрүнө көңүл бурдуруш үчүн аларга төштөрүн жылаңачтоонун да кереги жок эле. Жөн гана социалисттик лозунгдар жазылган плакаттарды көтөрүп алып, көчөлөрдү кыдырган жетиштүү эле – коомчулуктун көңүлүн буруу менен камсыз болушкан. Социал-демократ партияларынын башчыларына бул дагы бир галочка болгон – мына, прогрессивдүү аялдар биз менен макул деп. Сталин да өз атын чыгаруу максатында *8-мартты* Эл аралык аялдар күнү деп таанууну буйруган. Бирок аны анын чыныгы тарыхый окуяларына байлоо кыйын болгондуктан, ал окуяларды бир аз өзгөртүп коюшкан. Аны эч ким териштирип отурган эмес. Эл башчысы айттыбы – демек ошондой болгон. Каапыр бузуку аялдар негиздеген майрамды белгилеп, Кыяматта алар менен бирге тирилип, тозокко кетуучулордон болбойлу!
Ал эми Исламда аял затын урматтоого бир кунду чектеп койгонго тыйуу салынган. Себеби Пайгамбарыбыз: "Бейиш эненердин таманынын астында"- деп айткан. Эми сен бейишке бир кунду белгилоо менен эле, кирип кеталбайсын. Энелерге урмат, алардын козу отконго чейин чын дилден болуусу зарыл. Ошондой эле: "Кимде-ким бир же эки кызына дин тарбиясын берип чонойтсо, анда ал бейиштик болот" - деп айтылган хадистер аял затына Исламдагы оруну чон экенине кундой ачык далил болот. Ошондой эле: *"Кимде-ким аялына жакшы мамиледе болсо, ал Аллахка жакын болуп такыбалардан болот"*-деп айткан. Мына бул хадистер аял затын урматтоого бир кунду чектебей, дайыма бир себептин артынан жана Исламдагы майрамдарда аларга белек берип, кубантып туруу ар бир мусулманга милдет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев