Бата кылып келе жатып бир тааныш, арасына кудай бөөдө кырсыктан авариядан сактасын деген жерин угуп эле аа такси айдайт экен дедим
Дагы бир жолу дагы бир байке өлө батанын арасына, мал жанды кудай сактасын дегенде аа эт сатат экен дегем ))
Дагы бир тааныш үй бүлөдө тынчтык болсун, үй бүлө бекем болсун дегенде эле байкадым экинчиси бар экен деп.
Кечээ бирөө бата кылып жатып алыска жолго чыккандардын жолу шыдыр болсун, ар дайым жолу ачык болсун дегенди кошуп кеткенде, кирди чыкты кылган жигит экен дедим.
Бая күнү бирөө батасына иштерибиз ийгиликтүү болуп, соода кылгандарга кудай берекесин берсин дегенде, аа Люблино же садавод дегем ))
Бир жолу ооз ачканда бир жигит, коомбуз өнүгүп өссүн, ар дайым ынтымак ырыскыда жүрөлү, биримдик болсун дегенде бир айылдын же райондун төрөгасы экен дегем )
Келечегибиз кең, балдарыбыз билимдүү ыймандуу болсун дегенде эле жогорку билими бар экен дейсиң ))
Ичинен бир нерсе айтып шака шук бата кылып салганда, стройкада же военный окшойт деп каласың, тышынан айтса арасына сөгүнгөн сөз кошуп жибермби деп )))
Кечке алаканын жайып суранып атса, өтө кудай деген киши же болбосо карысы көп ипотекасы бар депчи )))
Бата берип жатканда алаңдап эки жакты карап, батаны угуп укпай отургандар көбүнчө бойдоктор болот.
Батаны чын жүрөгүнөн берип, өлө суранып аткандар болсо ата энелер болот кээде көзүнөн жаш чыгып.
Элибизде тынчтык болсун, мамлекетибиз өнүккөн өлкө болсун, ар бир жараныбыз бактылуу болсун, баатыр Манас атабыздай уулдар төрөлсүн деп баштаганда аа саясатка бараткан экен деп каласың ))
Биздин максат баардык батага кабыл болсун оомин деп чын жүрөктөн айтуу. Баарыбыздын баталар орозодо кабыл болот
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев