1990-жылы 4-июнда Ош жана Озгон шаарларында улут аралык жанжал болуп, бей куноо адамдардын каты тогулгонуно туура 28-жыл болот. Бул датаны азыр бийлик да, жада калса Азаттык радиосу да унутуп калды.
Ошол кандуу окуяда ондогон адамдар каза болуп имараттар, уйлор орттолуп бир тууган эки улуттун ортосунда катуу кагылышуу болгон эле. Тилекке каршы, андай улуттар аралык жанжал 20 жыл откондон кийин кайрадан кайталанып 400 дон ашык адамдын омурун алды. Канчалаган адамдар айыккыс жаракат алып кээси ушул кунго чейин дайынсыз болуп табыла элек. Канчалаган имараттар, уйлор орттолуп олконун экономикасына эбегейсиз зыян келтирилди.
Мурдагы бийлик "улуттар аралык жанжалды калыбына келтируу боюнча коп иштер жасалды" деп айткан менен улуттар аралык мамиле тышынан жакшы корунгону менен дагы эле чечилбеген коп маселелер бар экендигин танбашыбыз керек.
Эгерде бул багытта мамлекет жана коомчулук тиешелуу иш-аракеттерди жасабаса улуттар аралык жанжал жылдар откон сайын кайрадан кучоп кетуу коркунучу бар. Биз алдын-алуучу коп аракеттерди коруп бул маселени козомолдон чыгарбашыбыз керек.
Кыргыз мамлекетинде мындай улуттар аралык жанжал кайталанбашы учун ар бир жаран озунун улушун кошушу зарыл.
Бул датаны бийлик да, коомчулук да унутпай эскерип андан сабак алышыбыз керек.
Борбордук Азия мамлекеттериндеги
адам укуктары боюнча
Конгресстин координатору Турсунбек Акун
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев