Менин максатым, улуттук искусство, улуттук адабият, улуттук кино тармагына өгөй баладай мамиле кылган Өкмөткө каршы туруу.
Сөз сиңбей калган коомдо, ар бир турмуштук көйгөйдү кино аркылуу көзгө сайып көрсөтүп турууга, жаман адаттарды пропагандалабай, улуттук нарк-насилди, тарыхты, баалулуктарды пропагандалаган, келечек муунду мекенчилдикке, ыймандуулукка үндөгөн тасмаларды, сериалдарды мамлекет эсебинен тарттыруу керек. Ал үчүн кино тармагына өзгөчө көңүл буруп, бюджетин көтөрүү милдетин аркалагым келет. Бир дагы дүйнөдө жок өнөр адамдары кыргызда гана бар. Алар манасчылар, дастанчылар, төкмө акындар, саяпкерлер. Мына ушул өнөр ээлерин, ушул кайталангыс өнөр жаатын дүйнөлүк ЮНЕСКОго окшогон уюмдар коргоого алууда. Биз өзүбүз коргоп да, колдоп да албай жатканыбыз өкүндүрөт.
(Талапкер менен болгон маектен үзүндү)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 9
Эл уулу бол!