Айтылуу Ысык -Көлдүн чыгыш жагы,
Ай чапчыйт,ак мөңгүлүү чокулары.
Ак пейил,ошол жерде элим жашайт,
Арык мырза-Бугу элинин урпактары!
Евразиянын чок ортосу Ак-Суу жергем,
Эстегин географияны жакшы билсең.
Эңгилчектин кабат-кабат муз катмары,
Эч табылбас мындай укмуш, башка жерден.
Кан-Теңир азияда бийик чоку,
Кар кетпейт,кийген сындуу аппак тонду.
Карааны элестетет алыстардан,
Калкым деп-Кыдыр аке, турган ойлуу!
Саратан,жай мезгили, тоолор жактан,
Сары-Жаз кирген кезде төөлөр аккан.
Сапырып,күркүрөгөн Сары-Жаздай,
Сабалап Шаабай атам "Манас"айткан.
(Манасчы Шаабай Азизов)
Шер Манас кайткан кезде тээ Алтайдан,
Шектенип, Кызыл кыя, Түргөн жактан.
Жоо чалып,чыккан кезде аты менен,
Тулпар-Ташта Ак куланын изи калган.
Ак мөңгүнүн музу катуу отко күйбөс,
Сууга салсаң калкып калат,бирок чөкпөс.
Дал ушундай образды берип турган,
Жантөшевдин"Каныбеги" өлбөс-өчпөс.
(Касымаалы Жантөшев)
Күндүн нуру жайылгандай жайкы таңдын,
Күүсү укмуш зор комузчу Ыбырайдын.
"Жеңиш күү", "Паровозу", "Бозсалкыны",
Уккуңду эле келтирет ,уккан сайын.
(Ыбырай Туманов)
Суусу мол,жайыл аккан кең Жыргалаң,
Суу чогултат Ысык -Көлгө жылгалардан.
Зуура эже да,прозага сен сыяктуу,
Салым кошту:"Астра гүлү", "Чоочун адам".
(Зуура Сооронбаева)
Адамдар көп, майышып ооруп барган,
Ак-Суу курорт, ысык суудан даба тапкан.
Айыктырган далай элди-оорукчанды,
Мамакеев-касиетти сенден алган.
Ак-Суунун сулуулугун дайым көрүп,
Сезимдерден көп обондор чыккан оргуп.
Аялзаттан обончулар чанда чыгаар,
Канымгүлдөй ыры укмуш"Кызыл өрүк".
(Канымгүл Досмамбетова)
Ак-Суунун тоосу бийик,аскасы таш,
Аскадай солк этпеген жигит жапжаш.
Коргогон элин жерин фащисттерден,
Жан берди,элдин уулу -баатыр Жумаш!
(Советтер союзунун баатыры Жумаш Асаналиев)
Караколго лыжа менен турист келет,
Бири өйдө-бири ылдый келет-кетет.
Алыстан карап алып окшоштурсам,
Айткулунун "Чыр дөбөсү" элестелет.
(Айткулу Убукеев жазуучу)
Чыкыроон,кышы суук Ак Суу жактын,
Чалкыган тегиз аппак,кары калың.
Чыкылдап кээде тыз-тыз этип ийет,
"Чалканы" чаккан сымал Калканбайдын.
(Калканбай Ашымбаев сатирик)
Карап-карап көз тойбойт кереметти,
Карагайлуу токоюң,жериң гүлдүү.
Табыйгаттан сулуулукту алса керек,
Момушева Гүлмайрам-булбул үндүү.
Ырыскылуу Ак Суунун жайы салкын,
Ысысаң жайкы аптапта,бизге баргын.
Дыбыраган ак жамгырдын добушунан,
Ырлары угулгансыйт Аксуубайдын.
(Аксуубай Атабаев обончу)
Айланага суктанасың, карап талбай,
Ак Суу өзү тартып койгон картинадай.
Анан кантип ушул жерден чыкпай калсын,
Алп художник-Үмөтов Жумабайдай.
Ак Суунун кызы сулуу,жигити шер,
Чыгармачыл адамдарга түрткү берээр.
"Ак Мөөрү", "Тайгак кечүү", "Манасчысы",
Убукеев Мелисти көкөлөтөөр.
(Кинорежиссер)
Керемет жок биздин Алтын-Арашандай,
Кооздукка бай,көргөн адам таң калгандай.
Көөнөрбөс "Алтын фондду" радиодо,
Көркөмдөгөн Уралиев Турсун агай.
(Үн режиссер КТРК)
Ак жүзү элестеткен Кашка-Сууну,
Ак Суунун сулууларын элим билди.
Актриса, бири диктор, бири ырчы,
Алсеитова-бир туугандар,эже-сиңди.
Жаш балдар да сулуулукту жакшы көрөт,
Кыргыз тилде"Керемет көч"бүтпөй келет.
"Рабаятты", мультфильмди так сүйлөткөн,
Бурул эже, Айнаш эже буга себеп.
(Бурул Асакеева, Айнаш Ашырова.)
Ак Суу жергем кен байлыкка,шахтыга бай,
Алтын,уран, калай-сурьма, вольфрамдай.
Бирок да эл ичинде андан баалуу,
Жаштарым көп,Кененсаров Элдиярдай.
(Чемпион в/л КВН"Азия микс")
Археологдордун табылгасы чыгып бизден,
Ак сөөгүн мамонттордун изилдешкен.
Алла таала кемтиги жок өзү берген,
Сыймыктанам кичи мекен Ак-Суу менен!!!
Ырдын ээси АкСуулук жазма акын,
Кулукенин небереси Октябрь Апын!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 60
калемин курчуй
берсин