Предыдущая публикация
Мезгилдер артта калды, болуп дастан.
Бир күнү жолугушуп калсак эгер,
Эстетер ал күндөрдү чогуу баскан.
Өзүңсүз улап жатам сапарымды,
Кемиткен тагдыр менин катарымды.
Алтыным бир өзүңдү сүйүп калган,
Өчүрүп салайынбы сапарымды.
Кайгынын азаптарын тартайынбы,
Көңүлгө тоодой жүктү артайынбы?!
Жарыктык канча күндү берсе дагы,
Бир сени жүрөгүмдө сактайынбы?!
Дагыда сени сүйүп жашайынбы,
Жомоктон алып ырым, жасайынбы?!
Сүйүүнүн мыйзамына каршы чыгып,
Үчүнчү согушумду ачайынбы?!
Ааламга бул сезимди мактайынбы,
Махабат дастанындай какшайынбы?!
Жалгыздык азабынан кутулаармын,
Ажалга жаным кыйып таштайынбы?!
Сүйүүнүн азабынан кутулаармын,
Ажалга жаным кыйып таштайынбы?!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 93